Sputnik агенттигинин логотиби жана Эстониянын желеги. Архив

Эстония жашоочулары: Sputnik агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу цензура

77
(жаңыланган 23:57 16.01.2020)
Эстониялыктардын пикиринде, өлкөдөгү Sputnik агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу цензура болуп саналат. Мындай пикирди коомдук-укуктук ETV+ телеканалындагы дискуссиялык берүүнү көргөндөр айтышкан.

Каналдагы программа Sputnik Эстония агенттигине болуп жаткан санкцияларга байланыштуу уюштурулган.

1-январдан тарта редакциянын журналисттери кылмыш ишин ачабыз деген коркутуулардан улам Sputnik Эстония жана "Россия сегодня" эл аралык агенттиктери менен кызматташуудан баш тартууга мажбур болушкан.

Кырдаалды талкуулоо үчүн орус тилдүү ETV+ телеканалына басылманын жетекчиси Елена Черышева, Sputnik агенттигинин мурдагы кызматкери Александр Лукьянов, Евро парламенттин депутаты Яна Тоомдун бюросунун кеңешчиси жана RusDelfi порталынын экс-редактору Маргарита Корнышева чакырылган.

Оппонент катары Тарыхый эстеликтер институтунун кызматкери, юрист Сергей Метлев, стратегиялык коммуникациянын эксперти Ильмар Рааг, коопсуздук жана коргонуу боюнча маалымат борборунун жетекчиси Григорий Сенькив сөз сүйлөгөн.

Тыюу салып, анан териштирүү

"Журналисттерге карата саясий жана экономикалык санкцияларда цензура бар. Цензурага Эстонияда тыюу салынган. Sputnik Эстония — бул эч кандай санкция киргизилбеген "Россия сегодня" агенттигинин курамындагы жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналат", — деп өз позициясын билдирген Елена Черышева.

Ал кошумчалагандай, Полиция департаменти менен Чек ара күзөтүнүн катында "Россия сегодня" агенттиги Дмитрий Киселевдун көзөмөлүндө экендиги жана документтерде анын кол тамгалары жүргөнү айтылган.

"Дмитрий Киселевдун кол тамгасын бир дагы финансылык документтен көргөн эмесмин. Мен анын колун жылына эки жолу — Жаңы жылда жана Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо катынан көрөм", — деген Черышева.

Маргарита Корнышева Европа союзунун документтеринен “көзөмөл алдында болуу” жөнүндөгү аныктамасын тапканын билдирген. Бирок Дмитрий Киселев андагы бир дагы критерийге туура келбей турганына ишенерин кошумчалаган.

Окуган эмесмин, бирок билем

Тарыхый эстеликтер институтунун кызматкери Сергей Метлев агенттиктин кызматкерлерин журналист деп эсептебейт. Ал эми такталбаган маалыматтардын таралышын алдын алып, стратегиялык байланышты координациялаган Ильмар Рааг порталдын жабылышына макул эместигин айткан.

"Аларды ансыз деле Эстонияда аз киши окуйт. Менимче, мурдагыдай эле иштей беришмек", — деген Рааг.

Ал ошондой эле окутуучу катары Sputnik Эстония агенттиги жазган айрым макалаларга анализ жүргүзүп көрүп, материалдарда көп учурда объективдүүлүк сакталбай калганын айткан. Себеби журналисттер бир тараптын эле оюн укканын белгилеген.

Елена Черышева ага жооп катары Sputnik Эстониянын кызматкерлери башынан эле өгөйлөнүп келерин эске салды. Ал агенттикке мамлекеттик мекемелер, саясатчылар комментарий бербей, маектешүүдөн баш тартышканын кошумчалаган.

Ал эми журналист Александр Лукьянов өзүнүн сегиз айда чыккан 100-120дай макаласынын кайсынысында пропаганда бар экендигин мисал катары айтып беришин суранган. Буга программанын катышуучулары так жооп бере алышкан эмес.

Аргументтер түгөнгөндө…

Коопсуздук жана коргонуу боюнча маалымат борборунун жетекчиси Григорий Сенькив "Sputnik Эстония өзүнүн чарбалык-финансылык көйгөйүн чечүүгө жөндөмү жок болгондуктан аны сөз эркиндиги менен калкалап жатат" деп билдирген.

Ал эми Сергей Метлев Эстонияда порталдын салмагы жок экенин айткан.

“Бирок Sputnik агенттигинин провокациянын жардамы менен жайылткан жаңылыктарынын салмагы бар. Бир окуя эске түштү, жигит кызмат учурунда жаракат алса Sputnik орустарды жаман көргөндөр ушинтип дискриминация кылып жатышат деген сыяктуу кылып жазган”, - деди Метлев.

Алып баруучу Андрей Титов анын сөзүн бөлүп, айткандары куру жалаа экенин белгиледи. Сөз арасына бир фактыны келтире кеткен. Былтыр Эстония тууралуу калп маалыматтарды тараткандардын бетин ачуу менен алектенген Propastop блогунун авторлору Sputnik Эстония менен Baltnews порталын жаап салуу өтүнүчү менен парламентке кайрылууну ниеттенип кол тамга чогултушкан.

"Болгону миң кол тамга чогултуу керек болчу. Башында бир убакытты коюп, кийин бир айга жылдырышты, анан жыл этегине чейин узартышты. Жыйынтыгында 573 кол тамга топтолду, миңге такыр эле жеткире албай коюшту. Бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт", — деген Титов.

Талкуунун соңунда түз эфир убагында жүргүзүлгөн эки сурамжылоонун жыйынтыгы айтылган. Телефон чалган көрөрмандардын 90 пайызы, ал эми Facebook социалдык тармагы аркылуу добуш бергендердин 57 пайызы Sputnik Эстония агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтошун цензура деп атаган.

77
Белгилер:
Sputnik, Эстония, цензура
Тема боюнча
Sputnik Эстониядагы кырдаал. ЕККУнун өкүлү бийликке кайрылды
Sputnik Эстониянын журналисттери бийликтин кысымынан улам жумуштан кетип жатат
Медициналык кызматкерлер бейтап менен ооруканада. Архив

Инфекционист: COVID-19дун жаңы штаммдары мурункудан жеңил болбойт

15
(жаңыланган 11:06 28.10.2021)
Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу жана оор формада өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине инфекционист Андрей Поздняков билдирди.

"Бул "дельта" штаммынын бир түрү болуп жаткандан кийин аны жеңил өтөт жана көп жукпайт деп ойлобошубуз керек. Байкоолорубузга караганда, бул вариантка кабылган бир киши 9 адамга вирус жугузушу мүмкүн. Ал эми "дельта" штаммы өзү бир оорулуудан сегиз адамга жугат. Эң алгачкы Ухань штаммы орто эсеп менен үч кишиге жукчу", — деди Поздняков.

Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

Эске салсак, Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

Буга чейин Роспотребнадзор мекемесинин адистери изилдөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте экенин билдиришкен.

15
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус дагы үч адамдын өмүрүн алды, 124ү жаңы жуктурду
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

62
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

62
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Капельницалар улануу учурунда. Архив

Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

7
(жаңыланган 11:13 28.10.2021)
Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.

Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.

Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

7
Белгилер:
Бишкек, тамак, уулануу, бейтап
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме