БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Таиландда ажатканага барган аял аз жерден жыландын жеми болуп кала жаздаган. Бул туурасында Mirror басылмасы жазды.
Энеси кабылган жагымсыз окуя тууралуу анын кызы Чуня Ситтивичай айтып берген.
Аял унитазга отурганда жылан аны матап туруп алган. Жаныбар коркуп кетип жан далбастап бошонууга аракет кылган келиндин бутуна бекем оролгон.
Энесинин чаңырганын уккан кызы кеңсе бычагы менен балка ала чуркап келген.
"Апам жыландын терисин кескенге аракет кылганы менен өтпөй койду. Калчылдап, калтаарып жатып, бычакты өзүнүн колуна матырып алды", — деген ал.
Капыстан болуп кеткен бул окуядан эсин араң жыйган бир туугандар Тез жардам чакырган. Дарыгерлер аялдын жарасын жууп-тазалап, тигип чыккан.
Буга чейин Бангкок шаарында уйкудагы кемпирге жыландын кол салган учурунун видеосу тараган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.
"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:
Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;
КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;
Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде директордун кабинетинин эшигин буздуруп кирген.
Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.
Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.