https://sputnik.kg/20200117/sut-zhashtykty-saktoogo-kandaj-pajdasy-bar-1046789218.html
Сүттүн жаштыкты сактоого кандай пайдасы бар. Жаңы иликтөө
Сүттүн жаштыкты сактоого кандай пайдасы бар. Жаңы иликтөө
Sputnik Кыргызстан
Майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнөрү анык болгон. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин... 17.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-17T09:21+0600
2020-01-17T09:21+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103369/75/1033697523_0:318:3076:2048_1920x0_80_0_0_c7dea94b3ad721d5ebe5487233099244.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103369/75/1033697523_345:0:3076:2048_1920x0_80_0_0_ea38e9f1d228624b36773562d333dfd8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, сүт
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, сүт
Сүттүн жаштыкты сактоого кандай пайдасы бар. Жаңы иликтөө
09:21 17.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнөрү анык болгон. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени билинди.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Уйдун майлуулугу төмөн сүтүн көп ичкен кишинин организми башкалардыкынан кечирээк карыйт. Бул тууралуу Бригам Янг университетинин (АКШ) окумуштууларына таянып РИА Новости жазды.
Мындай жыйынтыкка келүү үчүн Ларри Такер аттуу окумуштуу башында турган топ 6 миңге чукул америкалыктар арасында изилдөө жүргүзгөн.
Окумуштуулар адамдарды үч топко бөлгөн. Биринчиси — майлуулугу 2 пайыздан ашкан сүт ичкендер, экинчиси — майлуулугу 1 пайыздан төмөн сүттү пайдалагандар. Ал эми үчүнчү топко киргендер таптакыр сүтсүз жашагандар эле.
Жыйынтыгында майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнөрү анык болгон. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени белгилүү болгон.
Адистер азыктын бул түрүн күнүмдүк рационго киргизүүнү сунуштайт.