Instagram веб-версияда жеке билдирүү жиберүүнүн функциясын сыноодо

© AP Photo / Amr AlfikyInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-январдан баштап фотосервистин веб-версиясынын жаңы кызматы ишке кирди. Бул тууралуу социалдык желенин жетекчилиги Тwitter-аккаунтунда расмий жарыялады.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Instagram тармагында жеке билдирүү жиберүүнүн веб-версиясы сынакка коюлганын The Verge басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, веб-версия 14-январда иштей баштаган. Азыр бул саналуу гана колдонуучуларга жеткиликтүү.

Бул аралыкта социалдык желенин Тwitter-аккаунтунда жаңы функция ишке киргендиги расмий билдирилди.

Верифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР - Sputnik Кыргызстан
Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар
Компьютердик адаптацияда билдирүүнүн сервиси өзгөрбөйт: колдонуучунун баракчасынан да, билдирүү бөлүмүнөн да топ түзүп же жаңы маек баштоого болот. Аны менен катар сүрөт жиберип жана окулбаган билдирүүлөргө көз салуу мүмкүнчүлүгү бар. Сайттан келген билдирмелер эгер браузерден уруксат болсо, компьютердин бетине чыгып турат.

Direct функциясынын жаңы версиясы бизнеске, белгилүү блогерлерге жана Instagram тармагынын бардык колдоонуучулары үчүн пайдалуу. Буга чейин тиркемеде гана кат алышуу мүмкүн болчу. Аталган функция коомчулукка колдонуу үчүн качан берилери азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0