Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. "Эрке келин" тууралуу 9 факты

© AP Photo / Dominic LipinskiУлуу Британия ханышасынын небере келини Меган Маркл. Архив
Улуу Британия ханышасынын небере келини Меган Маркл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британия ханышасынын небере келини Меган Маркл тууралуу Sputnik агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту.

Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөгө келин болгондон тарта басылма беттеринен түшпөй келет. Жолдошу, ханзаада Гарри экөөнүн "падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартууну чечтик" деп жар салган акыркы жаңылыгы Британияны эле эмес, дүйнө элин таң калтырды.

Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесине илинип, падышалыктагы ыйгарым укуктардан баш тарткан Улуу Британия ханышасынын "эрке келини" Меган Маркл тууралуу Sputnik агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту.

Режиссердун кызы. Меган Маркл 1981-жылы 4-августта Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Атасы ирландиялык, ал эми апасы афроамерикалык. Мегандын балалыгы экран артында, атактуулардын арасында өткөнү айтылат. Себеби атасы Томас Маркл көп жыл телевидение тармагында оператор, жарык коюучу режиссер болуп иштеп, кызын дайыма жанында алып жүрчү. Томас Маркл кылган кызматы үчүн "Эмми" премиясын да алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Meghan Markle 🔵 (@meghanmarkle_official)

Ал эми Мегандын апасы Дориа йога боюнча инструктор. Негизи социология, клиникалык психология адистигин аяктаган. ЖМКларда маалымдалгандай, Меган Маркл 11 жашында АКШнын биринчи айымы Хиллари Клинтонго кат жазган.

Дипломат, модель, актриса. Мектепти аяктагандан кийин Меган АКШдагы Түндүк-Батыш Калифорния университетине тапшырат. Ал жактан бир эмес, эки адистиктин ээси болуп чыккан. Бири театралдык искусство, экинчиси эл аралык мамилелер факультети. Окуу менен чектелбестен студент кезинен тарта модель болуп иштеп, кошумча акча таба баштаган. АКШнын Буэнос-Айрестеги элчилиги — Мегандын университетти бүткөндөн кийинки биринчи жумушу. Элчиликте ал коомчулук менен байланыш департаментинин кызматкери болуп иштеген.

© REUTERS / POOLМеган Маркл АКШдагы Түндүк-Батыш Калифорния университетинен эки адистиктин ээси болуп чыккан. Бири театралдык искусство, экинчиси эл аралык мамилелер факультети.
Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. Эрке келин тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Меган Маркл АКШдагы Түндүк-Батыш Калифорния университетинен эки адистиктин ээси болуп чыккан. Бири театралдык искусство, экинчиси эл аралык мамилелер факультети.

Атак-даңк алып келген тасмасы. Меган Маркл кино чөйрөсүнө күтүлбөгөн жерден келип калгандыгы айтылат. Алгачкы жолу "Главная госпиталь" деген медициналык сериалга тартылып, экранга чыккан. Кино менен моделдик чөйрөнү ал көп жыл чогуу алып жүргөн. Актриса "90210: Новое поколение", "Обман", "Апостолы", "Хорошее поведение" сыяктуу 30га чукул тасмада роль жараткан. Бирок ага атак-даңкты "Форс-мажоры" аттуу юридикалык комедиясы алып келген.

Дизайнер-модельер. Меган Маркл актриса, моделдик кесиптен тышкары өзүн дизайнер-модельер катары да сынап көргөн. 2016-жылы Reitmans бренди менен кийимдер коллекциясын чыгарган. Ошондой эле адабият, кулинарияга да жакын экендиги айтылат.

Кайрымдуулук. Меган Марклдын падышалыкка келин болгонго чейин эле кайрымдуулук иштерге көп катышып келгени маалымдалат. Жолдошу, ханзаада Гарри экөө падышалыктын ыйгарым укуктарынан баш тартканда "2020-жылдын жаңы барагы катары кайрымдуулук фондун ачууну максат кылуудабыз" деп айтышкан. Мындан тышкары, мурдагы актриса жаныбарларды коргоого жан үрөп келет. Буга чейин коомчулукка "кымбат күчүктөрдү багып алуунун ордуна кароосуз калган үй жандыктарын багып алгыла" деп сунуштаган.

© AFP 2023 / DANIEL LEAL-OLIVASХанзаада Гарри Меган Марклдын экинчи ирет курган бүлөсү. 2004-жылы Меган Тревер Энгельсон аттуу кинопродюсерге жолугуп, түгөйлөр алгач жарандык никеде жашаган.
Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. Эрке келин тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Ханзаада Гарри Меган Марклдын экинчи ирет курган бүлөсү. 2004-жылы Меган Тревер Энгельсон аттуу кинопродюсерге жолугуп, түгөйлөр алгач жарандык никеде жашаган.

"Сүйүүлөрү".  Ханзаада Гарри Меган Марклдын экинчи ирет курган бүлөсү. 2004-жылы Тревер Энгельсон аттуу кинопродюсерге жолугуп, түгөйлөр алгач жарандык никеде жашаган. Жети жылдан кийин гана үлпөт той берип, расмий түрдө баш кошушкан. Тилекке каршы, эки жылдан кийин жубайлар расмий түрдө ажырашып кеткен. Ортодо Меган ирландиялык гольф ойногон спортчу менен да сүйлөшкөн деп да айтылат. Бирок алардын сүйүүсү аз гана убакытка созулган.

Ханзааданын сүйүктүүсү. 2016-жылдан баштап чет өлкөлүк басылмалар "Ханзаада Гарринин сүйүктүүсү — Меган Маркл" деп жаза баштайт. Көп өтпөй Кенсингтон сарайы актриса Меган Маркл менен ханзаада Гарри экөө бир нече айдан бери жакын мамиледе экенин тастыктаган. 2017-жылдан тарта Маркл актрисалык карьерасына чекит койгон.

© AFP 2023 / BEN STANSALLХанзаадага турмушка чыгып жатканда мурдагы актриса жарандыгынан жана туткан дининен баш тарткан.
Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. Эрке келин тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Ханзаадага турмушка чыгып жатканда мурдагы актриса жарандыгынан жана туткан дининен баш тарткан.

Герцогиня.2018-жылдын май айында Виндзор хан сарайында Гарри менен Мегандын үлпөт тою өткөн. Ошондон тарта Меган Маркл Сассекс герцогинясы аталган. Ханзаадага турмушка чыгып жатканда мурдагы актриса жарандыгынан жана туткан дининен баш тарткан. Учурда жубайлардын бир уулу бар.

© REUTERS / Dominic Lipinski / PoolАмерикалык адаттарынан арыла албаган Маркл акыры жолдошу экөө падышалыктагы ыйгарым укуктардан баш тартканын жар салып дүйнө элин таң калтырды.
Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. Эрке келин тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Америкалык адаттарынан арыла албаган Маркл акыры жолдошу экөө падышалыктагы ыйгарым укуктардан баш тартканын жар салып дүйнө элин таң калтырды.

"Эрке келин". Нагыз британиялыктар, айрыкча аристократтар салт-санаага өзгөчө маани берип, этикет эрежелерин бекем сактап келишет. Бирок Меган Маркл алардын көп каадаларына баш бербей келгени маалым. Алсак, буга чейин ханзаада Гарринин достору Меган Маркл менен дасторконго отуруудан баш тартышкан. Себеби Маркл "кечки тамакка конок катары чакырылган жубайларды өз-өзүнчө отургузуу" деген этикетти сактоодон баш тартып койгон. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Сассекс герцогинясы Меган Марклга тытылган джинсы шым кийүүгө да тыюу салган. Америкалык адаттарынан арыла албаган Маркл акыры жолдошу экөө падышалыктагы ыйгарым укуктардан баш тартканын жар салып дүйнө элин таң калтырды.

Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0