Лавров Иран менен Перс булуңундагы өлкөлөрдү кепке келүүгө чакырды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүП/к и. о. министра иностранных дел РФ С. Лаврова
П/к и. о. министра иностранных дел РФ С. Лаврова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат Россиянын Перс булуңунда жана анын айланасындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча Концепция сунуштаганын эскертти.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россия Иран менен Перс булуңундагы мамлекеттерди ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырат. Мунун зарыл экенин аталган өлкөлөр жакшы түшүнөрүн РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Лавров жыл сайын өтчү маалымат жыйында айтты

Перс булуңунун аймагындагы кырдаал 19-июль күнү Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусунун аба-деңиз күчтөрү Улуу Британиянын Stena Impero танкерин кармап, Бендер-Аббас портуна жиберип ийгенинен кийин курчуган. Иран мындай кадамга өз танкеринин британ Гибралтар бийлиги тарабынан кармалгандан кийин жооп иретинде барган.

"Тилекке каршы, азырынча айрым араб өлкөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик күч. Биз Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, ирандыктардын өзү менен сүйлөшкөндө да кепке келүү зарылдыгын айтып келебиз. Муну баары жакшы түшүнүп турушат, бирок иш баштала элек", — деди Лавров.

Официальный визит Сергея Лаврова в КР - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Sputnik Эстониянын айланасындагы абал Евробиримдикке көө жапты
Дипломат Россиянын Перс булуңунда жана анын айланасындагы коопсуздук камсыздоо боюнча Концепция сунуштаганын эскертти.

Белгилей кетсек, АКШ буга чейин Иран менен Йемендин айланасындагы деңиз аймагын көзөмөлдөө үчүн эл аралык коалиция түзүлөрүн айтып чыккан. Иран президенти Хасан Роухани буга БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан "Үмүт коалициясы" деп аталуучу аймактык уюм түзүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0