Америкада ачык жашыл түстөгү күчүк туулду. Видео

Жазылуу
Америкадагы Түндүк Каролина штатындагы Кантон шаарында ачык жашыл түстөгү күчүк туулуп, журналисттер эле эмес, жөнөкөй элдин назарына түштү.

Анын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Ежегодное шоу чемпионов Золотой Ошейник - Sputnik Кыргызстан
Тирүүбү же жасалмабы? Иттин сүрөтү соцтармакты эки жаат кылды
Ээсинин айтымына караганда, жети күчүк кадимкидей эле ак жана кара түстө туулган. Ал эми бирөө элди таңгалдырган дал ушундай өңдө жарыкка келген. Күчүктөрдүн энеси Жипси аттуу немец овчаркасы.

Кожойке мындай көрүнүштөн улам тынчсызданып, ветеринарга кайрылган. Адис өттөгү суюктуктун көптүгүнөн улам түйүлдүк кезинде эле терисинде жашыл түс арбыныраак боло баштагандыгын түшүндүргөн. Ал сейрек кездешкен мындай өң акырындап өчүп отуруп, тери кадимки эле күчүктөрдүкүндөй болуп каларын кошумчалаган.

Күчүк жашыл эле эмес, ачуулуу да болгондуктан ага Халк деген ысым беришкен.

"Кээде биз аны Жашыл мырза деп атайбыз", — деп айтып берген кожойкеси.

Буга чейин да Германияда жана АКШнын Каньон шаарында иттен жалбыздын өңүндөй күчүк туулганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0