Зеленский чуулуу премьер-министрдин отставкасын кабыл албай койду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын президенти Владимир Зеленский жана премьер-министри Алексей Гончарук. Архив
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана премьер-министри Алексей Гончарук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү соцтармакка өкмөт башчы Зеленскийди кемсинтүү менен сындады деген таризде аудио жарыяланган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский премьер-министр Алексей Гончаруктун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын кабыл албай койду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Зеленский жума күнү Гончарук менен жолугуп, чуу жараткан аудиожазуу боюнча комментарий берди.

"Коомчулуктун тынчын алып жаткан айрым маселелерди чечиңиздер, сизге жана сиздин өкмөтүңүзгө мүмкүнчүлүк берүүнү чечтим", — деп айткан Зеленский.

Ошондой эле ал кесипкөй адистерди тартып, өкмөттү күчтөндүрүү тапшырмасын койду.

Доклад президенту Украины В. Зеленскому о расследовании убийства журналиста П. Шеремета - Sputnik Кыргызстан
Кулаган Boeing: Зеленский Ирандын учак боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды
Белгилей кетсек, шаршемби күнү интернет булактарына "Президентти кантип алдаса болот" деген аудиоролик жарыяланган. Анда декабрдагы бейрасмий кеңешмеде премьер, өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүсү деп айтылган. Гончаруктун үнүнө окшош киши президенттин экономикалык процесстер боюнча түшүнүгү артта калганын жана башы тумандашып жүргөнүн айтканы угулат.

Бирок Украина өкмөтүнүн маалымат кызматы бул аудио чындыкка дал келбей турганын билдирип чыкты. Ал эми жума күнү эртең менен Алексей Гончарук отставкага кетүү боюнча президентке арыз жазган. Мындай кадамы менен ал кызмат өтөөгө ынтызар экенин белгилеп, ошол эле учурда мамлекет башчынын ишенимине кирүү ниетин билдирген.

Зеленский күч түзүмдөрүнө эки жумада аудиожазууну ким жасап, таратканын тактоону тапшырды. Ошондой эле ал мындай аракеттердин алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.

Алексей Гончарук украин өкмөтүн өткөн жылдын 29-августунан бери башкарып келүүдө. Ага чейин ал президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0