UFC башчысы Дана Уайт: Конордун кийинки атаандашы Хабиб болот

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор менен Нурмагомедов биринчи жолу 2018-жылы 6-октябрда беттешкен. Анда ирландиялык спортчу муунтуу ыкмасынан утулуп калган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салды. Бул туурасында ал UFC 246 турниринен кийин болгон маалымат жыйында билдирди.

Аталган турнир бүгүн, 19-декабрда, Лас-Вегаста өттү. Кеченин башкы беттешинде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алды.

"Бардыгы Конор менен беттешкиси келет. Азыр ага чакырык таштагандар да көп болуп жатат. Бирок ал үчүн эң маанилүүсү — Хабиб менен кармашуу. Ал биринчи беттешинде жакшы даярдана албай калганын өзү билет. Ошол себептен экөөнүн беттешин кайра уюштуруу керек. Кармаш 70 килограмм салмакта чемпиондук кур үчүн болушу шарт. Бул Хабиб үчүн дагы маанилүү. Себеби азыркы статистикасы 28:0. Эгер Тони Фергюсонду, андан кийин Макгрегорду утса, тарыхта 30 жеңишти камсыздап, бир дагы жолу утулбаган спортчу болуп калат", — деген Уайт.

Макгрегор менен Нурмагомедов 2018-жылы 6-октябрда беттешкен. Анда ирландиялык спортчу муунтуу ыкмасынан утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0