БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШда демократтар сенатка президент Дональд Трамптын импичменти боюнча майда-чүйдөсүнө чейин жазылган негиздеме жиберди. 111 барактан турган документ эл өкүлдөр палатасынын Чалгындоо боюнча комитетинин сайтына жарыялангандыгын РИА Новости жазды.
"Президент Дональд Трамп өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам АКШдагы шайлоого киришүү максатында расмий ыйгарым укуктарын пайдаланып, башка өлкөнүн өкмөтүнө басым жасаган. Мыйзамды бузгандыгын иликтеп баштаган конгресске мунусун жашырып, бут тоскон", — деп айтылат документте.
Негиздемеде АКШнын Баш мыйзамында эгерде президент кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса ага импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп чыгууга болору айтылган.
Кайрылуунун авторлору сенатты АКШда 2020-жылы боло турган шайлоону жана башкаруунун конституциялык формасын "коргоо" үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырган. Андан сырткары, бул кадам "АКШнын улуттук коопсуздугуна президент жаратып жаткан коркунучту четке кагуу" үчүн да жасалышы керектиги айтылган.
Бул аптада эл өкүлдөр палатасы импичмент боюнча ишти сенатка берген. Ант берүүгө Жогорку соттун судьясы Жон Робертс келген. Ал сенаторлор келип, сот арачылар милдетин аткарып жатканда, соттук процесстерге төрагалык кылат. Териштирүү сенатта 21-январда башталары кабарланды.
Эл өкүлдөр палатасы декабрь айында Трамптын импичменти боюнча эки пункттан турган маселени алып чыккан. Биринчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, экинчиси сенаттын ишине кийлигишкен деп айтылды. Импичмент жарыялоо аракети демократтардын добушу менен киргизилген, ал эми сенатта арбыныраак санда отурган республикачылар президентти актоо ниетинде.
Трамп мунун баарын танып, Украина бийлигине эч кандай шарт койбогондугун, болгону коррупция менен күрөшүүнү талап кылганын айткан. Андан сырткары, демократтар демилгелеген импичмент анын 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жетерине жардам берет деген оюн да жар салып жиберген.
Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоо атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды.
Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Жозеф Байдендин инаугурациясы өттү.
Гаитиде Порт-о-Пренседе вуду модасынын көргөзмөсү өттү.
Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти.
Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярдыктар көрүлүүдө.
АКШнын Невада штатында көркөм муз тебүү боюнча өлкө чемпионаты өттү.
Гватемалада Гондурастан барган мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.
Москвада Алексей Навальныйды колдогон санкцияланбаган нааразычылык акциясы өттү.
Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье кармашты. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап утту.
Кыргызстандагы "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү.
19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
Байкал көлүндөгү муз
Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
18-22-январь күндөрү "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү, "Россия сегодня" медиа тобунун аткаруучу директору Кирилл Вышинский менен Коомдук палатанын мүчөсү, АКШдагы абактан бошотулган Мария Бутина Россиядагы Латвия элчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар Латвия жана Прибалтика республикаларында россиялык журналисттерге карата куугунтуктоону токтотууну талап кылып жатканын РИА Новости жазды.
Колуна символикалык түрдө кишен салынган Бутина "Зона свободы слова строгого режима" деген жазуусу бар плакат көтөрүп жүрдү. Вышинский дагы журналисттерге карата кысымды токтотууну талап кылууда.
"Тилекке каршы, колума дагы бир жолу кишен тагындым. Мен бул нерсени кылгым келген эмес, бирок айла куругандагы иш болуп калды. Мындай жол менен Латвияда альтернативдүү көз карашы үчүн куугунтукка кабылган мекендештерге жана журналисттерге тилектештик кылам", — деди Бутина.
Ошондой эле Латвияда болуп жаткан жагдай жөн гана сөз эркиндигин чектебестен, жалпы адамдык баалуулуктарга көлөкөсүн түшүрүп жатканы айтылды.
"Латвияда журналистиканын негизги эрежеси бузулууда. Ар бир журналист өзүнүн ишенимине, принциптерине туура келген редакцияда иштөөгө укуктуу. Латвияда бул түшүнүк жокко чыгарылып жатканын Россиянын Тышкы иштер министрлиги дагы байкады. Атургай биздин өлкөгө эч бир жагынан жан тартпай турган "Чек арасыз репортерлор" эл аралык уюму дагы муну айтып жатат", — деди Вышинский.
Эске салсак, 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.
Балтиканын башка мамлекеттеринде да журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан.Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттаган.
Дипломатиялык ведомстводон билдиришкендей, санкциялар "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго гана тиешелүү экенин, бирок медиахолдинг менен кызматташкан башка адамдарга тиешеси жок экенин айткан. Ал эми "Россия сегодня" агенттиги менен RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян Россия журналисттерге карата козголгон кылмыш ишине жооп кайтарат деп ишенерин айтты.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.