UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана ирландиялык Конор Макгрегордун беттеши

Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду

17700
(жаңыланган 13:20 20.01.2020)
Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен 100 миллион долларга реванш өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Rsport жазып чыкты.

Россиялык мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедовдун айтымында, алар да реванш өткөрүүгө кызыкдар.

"Биз да Конор менен реванш өткөрүүгө кызыкдарбыз. Фергюсон менен беттешкенден кийин 100 миллион доллар алып келгиле. Билбейм, Дана Уайт ушундай гонорарга мелдеш уюштурууну каалайт болду бекен?" — деди Абдулманап Нурмагомедов.

Бүгүн, 19-декабрда, Лас-Вегаста Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алды. Ал эми Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттеши 19-апрелде Нью-Йоркто өтөт. Ал ортодо UFC уюмунун президенти Дана Уайт Макгрегор менен Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн кайрадан беттеш өткөрө турганын жар салды.

 

17700
Белгилер:
реванш, UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Беттеш башталбай жатып аяктады! Макгрегор Серронени нокаут менен утту. Видео
Хабиб Нурмагомедов Макгрегорду атаандаш катары көрбөйт