Кытайдагы коронавирустан дагы бир адам каза болду

© AP Photo / Ng Han GuanСкорая помощь в Китае
Скорая помощь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, дүйшөмбүдө, оору боюнча дагы жаңы маалыматтар тарады. Пекин шаарынын түштүгүндөгү аэропорттон дене табы көтөрүлгөн эки жүргүнчүдөн коронавирустун жаңы түрү табылгандыгы кабарланды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ухань шаарында коронавирустун жаңы тибинен үчүнчү адам көз жумду деп билдирди РИА Новости.

Маалыматта вирусту жугузуп алды деп 198 адам учурда каттоодо турганы айтылат.

Адистер 18-январда бул вирусту жугузуп алды деген 59 учурду каттаса, эртеси алардын саны 77ге жеткен. Пациенттер арасында акыркы күндөрү 66 киши, 70 аял болгон. Алардын эң жашы 35 жаштагы жигит, эң улуусу 89 жаштагы жаран экендиги аныкталды.

Ооруга чалдыккандарда симптом 18-январда байкалып, алгач дене табы көтөрүлүп, андан соң жөтөл коштоп жана дем жетпей кыйналышкан.

"Ухань шаарында 19-январга карата 198 адам жаңы вирус менен катталса, анын 25и ооруканадан үйүнө чыгарылган. 35 кишинин абалы оор экени айтылса, тогузунун абалы абдан оор дешти. Вирустун жайылганы тууралуу маалыматтан бери үч адам көз жумду", — деп айтылат шаардык Саламаттыкты сактоо комитетинин маалыматында.

Ооругандар менен байланышта болду деген 817 кишинин ичинен 727си медициналык көзөмөлдөн алынган, 90 киши дагы деле адистердин байкоосунда турат. Алардан вирустун белгилери табылган эмес.

Российские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола - Sputnik Кыргызстан
Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Бүгүн, дүйшөмбүдө, оору боюнча дагы жаңы маалыматтар тарады. Пекин шаарынын түштүгүндөгү Дасин районунун Саламаттыкты сактоо комитети ошол аймактагы аэропорттон дене табы көтөрүлгөн эки жүргүнчүдөн коронавирустун жаңы түрү табылгандыгын билдирди

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин боолголошкон. 19-январга карата ооругандардын саны 62ге жетти, алардын экөө көз жумган

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0