Эч ким ишенбейт! Тайвандык 63 жаштагы сулуунун сүрөтү

© Фото / Pixabay/ sasintКөл жээгиндеги кыз. Архив
Көл жээгиндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чен Мэйфен бир нече жыл мурда күйөөсү менен ажырашкан. Кезектеги түгөйүн табуу ал үчүн оорчулук жаратпай тургандыгынан эч ким шек санаган жок.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Тайвань сулуусу жана ырчы Чен Мэйфен 63 жаштагы ажары менен келбетин ушул күнгө чейин кантип сактап келгенин айтып берди. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 陳美鳳 MeiFen (@im_meifen)

Чен Мэйфен күнүнө жок дегенде 10 күйөрманынан анын сулуулугуна суктанган сөздөрдү угат. 1975-жылы 19 жашында Мэйфен сулуулуктун ханышасы деген титулга ээ болгон. 36 жашка чыкканда өлкөнүн белгилүү жана таасирдүү теле алып баруучусу Чжан Сяоян аны Тайвандагы эң сулуу жана эркектерди акылынан аздырган аял катары жар салган.

Мэйфен эртең менен имбирь кошулган шорпо ичерин айтты. Актриса дал ушул ыкма сулуулугу менен жаштыгын сактай тургандыгын айткан. Андан сырткары, спорттук көнүгүүлөр боюнча насаатчысы экөө бир топ күч жумшаган ыкмаларды жасап, жумасына эки ирет машыгат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 陳美鳳 MeiFen (@im_meifen)

Күн сайын шиш така кийип жүрөт. Ал эми бутунун чарчагандыгын жазуу үчүн жылаңайлактанып алып, күчтүн баарын согончокко келтирген атайын тактайга турат. Аны менен катар эле колдорун, буттарын, муундарын чапкылап чыгат. Актриса мындай ыкма анын денесине дем берип, күч чуркатат деп ишенет. Башкысы — көтөрүңкү маанайда жүрүү керектигин айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 陳美鳳 MeiFen (@im_meifen)

Беш жыл мурда Мэйфен 10 жыл бирге жашаган күйөөсү менен ажырашкан. Ал учурда кийинки сүйүүсүн жолуктураарына ишенип турган чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0