БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Иран депутаты Ахмад Хамзе Американын президенти Дональд Трамптын башы үчүн үч миллион доллар төлөп берүүнү сунуштады. Бул туурасында РИА Новости ISNA агенттигине шилтеме берип жазды.
"Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан Трампты өлтүрүп, башын алып келген кишиге үч миллион долларды дароо төлөп беребиз", — деген Хамзе парламентте сөз сүйлөп жатып.
Керман провинциясы — америкалыктар көзүн тазалаган ирандык генерал Касем Сулейманинин кичи мекени.
Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.
8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы боюнча 4.20) Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиль" деп аталган аскерий базаларына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.
Андан кийин АКШнын Ирактагы төрт аскер базасына ракеталык соккулар жасалып, эч ким жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.
Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.
"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.
Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.
"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.
Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.
"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.