Путин РФтин өкмөт мүчөлөрүн дайындап, алар менен жолукту. Видео

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел встречу с новым правительством РФ
Президент РФ В. Путин провел встречу с новым правительством РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-январда президент Федералдык жыйынга кайрылгандан соң премьер-министр Дмитрий Медведев отставкага кетти. Кийинки күнү өкмөттүн башчылыгына Михаил Мишустин дайындалды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жаңы өкмөттүн вице-премьерлери менен министрлерин дайындагандыгы Кремлдин сайтында айтылат.

Вице-премьерлердин тизмеси:

  • Андрей Белоусов (биринчи вице-премьер-министр);
  • Дмитрий Григоренко (өкмөт башчынын орун басары —өкмөттүн аппаратынын жетекчиси);
  • Юрий Трутнев (өкмөт башчынын орун басары — президенттин Ыраакы Чыгыш федералдык округу боюнча өкүлү);
  • Виктория Абрамченко;
  • Юрий Борисов;
  • Татьяна Голикова;
  • Алексей Оверчук;
  • Марат Хуснуллин;
  • Дмитрий Чернышенко.

Эске салсак, президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрү менен да жолукту. Анын видеосун Russia Today жарыялады.

Путин өкмөттүн бул курамы балансталып түзүлгөндүгүн белгиледи. Премьер-министр Михаил Мишустин президенттин ишеними үчүн ыраазылыгын билдирип, коюлган милдеттерди аткарууга болгон күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Мишустин жолугушуудан кийин өкмөттүн биринчи жыйынын өткөрүп, президенттин Федералдык жыйынга кайрылуусунда айтылган маселелерди аткарууну талкуулай тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0