Сириянын желеги. Архивдик сүрөт

Сириянын түндүгүн кайрадан өрт чалды. Пайда-батасын ким көрөт

180
(жаңыланган 12:12 22.01.2020)
Сириянын түндүгүндө аскерий аракеттердин жанданышы АКШ үчүн пайдалуу, анткени бул америкалыктарга аталган өлкөдө калуу үчүн жакшы шылтоо дейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.

Ушу тапта террорчуларга Сириянын өкмөттүк армиясы жана ага тилектеш болгон Россия, Иран жана Түркиянын күчтөрү каршы турууда.

Куралданган согушкерлер Идлиб провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө эки ирет чабуул жасап, артиллериянын соккусунан улам артка чегинди. Сириянын түндүгүндөгү абал ушу тапта кооптуу бойдон калууда. 16-январдан 20-январга чейин Идлиб аймагында жасалган 15 террордук чабуулдан улам 47 жоокер каза таап, 77си жаракат алды, мындан тышкары, 51 жай тургун өлтүрүлүп, 116 адам жарадар болду. Түркиянын маалымат булактары согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка өкмөттүк күчтөрдү колдоо үчүн Ирандын атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүгү жөнөтүлгөнүн билдирген.

Ал эми Al-Masdar басылмасынын маалыматы боюнча, Россиянын авиациялык күчтөрү 20-январь күнү Сириянын Алеппо шаарынан батышты көздөй кеткен аймакта жайгашкан ислам альянсынын согушкерлерине сокку урган. Бул жыл башынан берки эң күчтүү деп саналган чабуул болду. Андан бир күн мурун сириялык согушкерлер пилотсуз башкарылуучу учактардын жардамы менен Латакия провинциясындагы "Хмеймим" авиабазасына кол салууга аракет кылышканы маалым. Россиянын абадан коргонуу күчтөрү базага зыяны тийбегидей кылып аларды жок кылууга жетишкен.

Ким күнөөлүү?

Россиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги абалдын курчушуна "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук тобу жоопкер деп эсептейт. Анын катарында 20 миңдей согушкер бар, жихадчылар Батыштын жардамына катуу ишенет. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков "аскерий көз караштан алып караганда, АКШнын Сирия аймагында жасагандарынын баары мыйзамсыз" экенин айтты. Бирок Америка позициясынан тайбай келет. Көтөрүлүшчүлөрдүн байма-бай жасалган согуштук аракеттери АКШ үчүн Сириядагы мыйзамсыз жорук-жосунун кандайдыр бир деңгээлде актоо, өлкө аймагында жүрө турган убактысын узартууга үмүт десек болчудай.

Батыштын оюна койсо Евфраттын чыгыш аймагында Сириянын мыйзамдуу бийлигин орнотуу боюнча Сирия, Россия, Иран жана Түркиянын пландарын ишке ашырбай коймок. Анткени ал жактагы нефти кендерин америкалыктар көзөмөлдөйт эмеспи. Эгер дарыянын аркы жээгиндеги тирүү калкан болуп берген куралдуу топтор болбосо Сирия нефтисин тескөө кайрадан Дамаскиге өтүп кетери айкын. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ажаан саясатын колдогон европалык жана аймактагы тилектештери азыр алапайын таппай турат, ошентсе да улуттук кызыкчылыктарына каршы туруп, Вашингтондун ишаратысыз оюндан четтеп кете алышпайт. Чыныгы суверенитетке Түркия гана ээ экенин көрдүк.

Түркиянын Anadolu эң ири маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, "учурда Сириянын Хасеке, Ракка жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы 11 аскерий базада америкалыктар бар". Алар эмне кылып жүрүшөт?

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Сергей Рудской ага чейин "согушкерлерди даярдоодон тышкары Сириядагы америкалык күч түзүмдөрү Сирия өкмөтүнө таандык нефти объектилерин жана кендерин талап-тоноо менен алек" экенин айткан.

Тазалоо

Сириянын армиясы союздаштары менен биргеликте 17-январда өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан террорчуларды акырындап кыса баштады. Бул Алеппонун түштүк жана батышындагы аймактарды көзөмөлгө алуу үчүн жасалууда. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерге артиллерия, сооттолгон техника жана атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүмүнүн күчтөрү тартылууда.

Эртеби-кечпи Араб Республикасы куралданган топтордон да, америкалыктардан да кутулат. "Жаңы Сириянын курамындагы Батыш Күрдстандын автономиясы" деген маселе ойлоп табылган нерсе экени белгилүү болуп калды. Сириянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирчү компромисске жол жок, бул Дамаск, Москва, Тегеран жана Анкаранын бирдиктүү, тайгыс позициясы.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, Россия менен Түркиянын ортосундагы Идлиб боюнча пикир келишпестиктер да эки өлкөнүн стратегиялык алакасына зыян тийгизбейт. Аскердик-саясий абалы өтө курч болуп турган Ирандын да бекем позициясына көпчүлүк суктанып турат. АКШ менен регионалдык союздаштарынын каршылыгына карабай Сирия акырындап тынчтыкка келе жатат. Акыркы суткада эле өлкөгө чет жактан 900 качкын кайтып келди.

"Хайят Тахрир аш-Шам" — Россия аймагында тыюу салынган уюм.

180
Белгилер:
террорчу, армия, курал, Европа, АКШ, Түркия, Иран, Россия, Сирия
Тема боюнча
Россия БУУга Дума шаарында химиялык чабуул жасалбаганын далилдеди
Идлибдеги элдешүү: сириялыктардын тынч жашоосуна берилген мүмкүнчүлүк
Багдаддагы америкалык жоокерлер. Архивдик сүрөт

Жеңилүүгө дуушар кылган жеңиш. Ирак окуясын талдаган китепке сереп

5
(жаңыланган 14:31 14.08.2020)
Сөз кылып жаткан китеп — Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги.

АКШнын азыркы улуттук катастрофасына эң оболу ийгиликсиз ирак авантюрасы түрткү болгон. Америкада жаңы басылып чыккан ушул теманын тегерегиндеги китеп да 2003-жылдын март айында Иракка интервенция баштоо чечими качан жана кимдер тарабынан кабыл алынганын ийне-жибине чейин талдайт. Бул китепке Дмитрий Косырев сереп салган.

Китеп маселе ошондогу башкаруучу топтун — Жорж Буш жана башкалардын акылга сыйбас аракеттеринде эле эместигинде деген темада талкууну да жаратат.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Кеп андан да тереңде, маселен, "акылга сыйбастыктын булагы кайда?.." Биз сөз кылып жаткан китеп – Роберт Дрейпердин "Согушту баштоо. Буштун администрациясы Американы Иракка сүйрөгөнү" (To Start a War, by Robert Draper) деген эмгеги. Бул китепти жазууга киришкенге дейре автор Буштун үй-бүлөсү менен достук мамиледе болгон экен. Балким, бул кадамынан уламбы, экс-президент ал менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Бирок башкалар автор менен баарлашуудан качпаптыр. Дрейпер ошол тушта иштеген жүздөгөн аткаминерлердин маектерин топтогон. Алардын ар бири окумдуу болбосо да, бир топ урунттуу учурларын табууга болот. Ошо убактагы эмес, азыркы мезгилдин адамынын көз карашы менен артка бир кылчайып көрөлү. Америка жана дүйнөнү Ирактагы согуш эмнеге кептеди?

Эң айкындала түшкөн нерсе — 90-жылдарда өкүм сүргөн дүйнөдө бул дүйнөнү тескеген жападан жалгыз күчтүү держава бар деген ойго чекит коюлганы. Анткени ошол күчтүү держава дүйнө жүзүнө чабал душман менен согушта өзү жеңе аларын (өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы Индокытайдагыдай эмес), бирок андай жеңиш жеңүүчүнү да талкалап коерун көрсөтүп койду. Жакынкы союздаштары (Германия жана Франция), кезегинде бири-бирине көздөрү түз өнөктөштөрү (Россия сымал) андай кырдаалда өз көз караштарынан тайбай, зарыл болсо, Американы көз жаздымга калтырары да анык болуп калды. АКШ бир өлкөнү, башкача айтканда, Иракты басып киргенин кирип, бирок каржылык жана башка кудурети менен да ал мамлекеттин бактысын арттырып, гүлдөтүп жибере албастыгына дүйнө күбө болду. Мындан улам АКШ (Батыштын деле) саясий жана баалуулуктар системасы экспортко жарабастыгына, дүйнө жүзү боюнча ондогон мамлекеттердин туура ойго жана жолго багыт алуусуна түрткү болгондой. Башкача айтканда, Америкасыз да мүмкүн гана тургай, аларсыз алдыга жылуу керектигин түшүнүктүү кылып койду.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Эгер ирак авантюрасы эч болбогондо, америкалык коомчулуктагы азыркыдай жарака жана идеялык ажырым, каржыдан кеп кылбаганда да бүтүндөй башкаруу системасындагы кыйроо, айтор, аталган өлкө ушундай кырсыкка кабылар беле деген азырынча иликтене элек маселе бар. Кандай болгон күндө да Ирак окуясы буга олуттуу салымын кошуп койду.

Дрейпердин китеби бизге эң оболу капысынан бир чындыкты ачып берет: америкалык чалгындоонун деградациясы... Көрсө, 90-жылдардын аягында ЦРУ Билл Клинтондун администрациясы менен тил табыша албай агенттиктин бытыранды болуп кетишине чейин барышат. Анын кокусунан 2001-жылы 11-сентябрда теракт болуп калат. Ошондо аталган мекеменин башчысы Жорж Тенеттин таасирдин кайра калыптанышына үмүтү жанат.

Айтмакчы, ЦРУнун 90-жылдардагы көйгөйлөрүнүн себептери да ар кандай, бирок, андан ары күлкүлүү жагдай түзүлөт – дал Жакынкы Чыгышта (бүтүндөй ирак сюжетинин жыйынтыгы боюнча анык болгондой) акылдуу жана жөндөмдүү адистердин тартыштыгы жаралат. Тенет далилденбес нерсени далилдөөгө, тагыраак, Ирак лидери Саддам Хусейн 11-сентябрда теракт жасаган "Аль-Каида"* менен жашыруун альянста экенин, АКШга каршы массалык кыйратуучу курал даярдап жатканын тастыктоого белсенет.

Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда

Начар чалгын кызматы мындайда кандай иштейт? Жалган маалымат топтоп, аларга ишенүүнү өтүнөт. Баса, 2003-жылга салыштырмалуу кырдаал азыр деле өзгөрүп кетпеди. "Америкалык шайлоого Россиянын кийлигишүүсү" деген деле маалыматтар аталган державанын бул кызматынын иш деңгээлин көрсөтөр. Бүтүм чыгара турган болсок, акылы жетик чалгын кызматы мамлекеттин каражатын үнөмдөйт, акылы кем чалгындоо кызматы өлкөнү эбегейсиз көйгөйгө белчесинен батырат. Бирок, бир мекеменин кыйрашы – бул өзүнчө маселе. Эгер Жорж Буш өзү жана ал дайындаган маанилүү кызмат ээлери ошол убакта аталган кызматтан дал ошол тейдеги жалган маалыматты талап кылбаганда эч кандай ирак кырсыгына жол берилмек эмес. Ооба, Тенет өзү жетектеген контораны "Саддам – АКШ үчүн коркунуч" деген демилгени коомго таңуулаган агенттикке айлантып салган. Бирок, аны бул кадамга ошол доордун маанилүү инсандары, атап айтканда, коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц жана анын жетекчиси Дональд Рамсфельд, вице-президент Дик Чейни, анан да эң оболу президент өзү түрткөн.

Эмнеге андай жолго барышты? Анткени, глобализмдин, башкача айтканда, дүйнө жүзүндө ооздукталбас америкалык лидерликтин идеологдору эле. Андан мурда эле ээлеген кызматтарында алар конгрессте "Иракты куткаруу актысынын" кабыл алынышына жетишишкен. Комиссия түзүшкөн, мурдатан эмнеге Ирак (аны менен кошо Иран жана Түндүк Корея) тараптан "согуп турган коркунучту" байкаган эмес деп ЦРУну да айыпташкан. Ал эми террористтер Нью-Йоркко сокку урганда өлкө көзөмөлдөн чыгып кеткен дүрбөлөңгө түшөт. Жогоруда аталган адамдар ал кырдаалды пайдаланбай коймок эмес. Дрейпердин айтымында, администрацияда Иракта согушту баштоо керекпи деген талкуу жүргөн эмес. Болгону качан жана кантип баштоо керек деген гана сөздөр жүргөн. Бийликте кайсы бир даяр демилгелери бар кишилер бар, ал эми кол алдындагылардан ошол идеяларга гана шайкеш фактыларды тандоо гана талап кылынат. Демилге күн мурунтан берилет, фактылар ага дал келтирилиши кажет. Державанын башкаруучу классынын түркөйлүгү жана деградациясы, ошондой эле жалпы билимдүү класстын артка кеткени деген ушул... Ханды алмаштырыш оңой, калкты өзгөртүш кыйын! Дрейпердин китебинде ушундай ой камтылат: "Биздин коом — антиинтеллектуалдык", "мектептер тарых, социология, маданиятты окутуп жаткандай гана түр көрсөтөт", көбүнесе акча топтоп, ага билим деген аты бар эле нерсени элге сунуп жаткандай...

АКШ Россияга Жакынкы Чыгыштан "чыгып кетүү" талабын койду

АКШ жана анын союздаш өлкөлөрүндөгү билим берүү системасынын деградациясы тууралуу тээ 90-жылдары эле олуттуу түрдө сөз боло баштаган. Ушундан улам "Ирак окуясы" жана башка көйгөйлөрдүн башаты кайдан экенин айкын көрүп турабыз. Мындай кептер жакында токтобойт да өңдөнөт.

*Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

5
Белгилер:
Жорж Буш, каражат, чалгынчы, теракт, АКШ, Ирак
Тема боюнча
Ирак: террорчулар кол салып, полициянын төрт кызматкери мерт болду
Ирак: чабандар согушкерлердин көмүлгөн 25 млн. долларлык кенчин таап алды
(NaN:NaN / NaNMb / )

Хабиб Нурмагомедовдун беттеш алдындагы маалымат жыйыны. Түз эфир

41
(жаңыланган 14:07 14.08.2020)
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Gorilla Energ командасынын пландары жана алдыдагы беттеши тууралуу айтып берет.

Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен беттешке чыгат. Гэтжи 9-майда мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон.

Аралаш мушташ спортунда 31 жаштагы Гэтжи 22 ирет жеңишке жетип, эки жолу утулган. Ал эми анын атаандашы Нурмагомедов 28 жолу октагонго чыгып, жеңилип көрө элек.

41
Белгилер:
беттешүү, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты
Океанга чөктүрөм. Хабиб атаандашы Гэтжиге "тап берди"