Химиялык курал колдонууга тыюу салуу уюмунун  кызматкери Гаагада. Архивдик сүрөт

Өзүнөн-өзү чечилбейт. Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун айланасындагы чыр

93
(жаңыланган 18:42 22.01.2020)
Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин химиялык курал колдонууга тыюу салуу уюмунун докладын талкуулаган жыйынында 2018-жылы Сириянын Дума шаарына химиялык чабуул жасалбаганын далилдеп берген.

Россия демилгелеген БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейрасмий жыйыны Батыштын коюп жаткан күнөөсүнүн баары жөн жеринен эмес экенин көрсөттү. Улуу Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Карен Пирс "Москва химиялык курал колдонууга тыюу салуу уюмунун (ХККТСУ) аброюна шек келтирип жатканын айтып", түзүлгөн кырдаалга таамай баа берди окшойт.

Россия чындап эле уюмду "казып жаткандай", тагыраак айтсак, 2018-жылы 7-апрелде Сириянын Дума шаарына жасалган "химиялык чабуулду" иликтеген докладынан күмөн санап жатат. Демек, уюмдун кадырына кааласак да, каалабасак да көлөкө түшүүдө.

Жыйында Москва былтыркы жылдын 1-мартында жарыяланган документ өтө күмөндүү экенин дагы бир жолу аныктап-тактап, далилдерин көрсөттү. Докладда дал келбестиктер арбын, жасалмалуулук кездешет, мындан улам батыш өлкөлөрүнүн Сирия бийлигин жана Башар Асадды химиялык курал колдонду деп айыптоого умтулуп жатканын байкоого болот.

Бирок түзүлгөн кырдаалда аталган документтин айланасындагы талаштан тышкары андан алда канча глобалдуу маселенин чети чыгып турат. Башкача айтканда, ХККТСУнун айланасындагы каршылашууда Россия менен Батыштын дүйнөлүк саясий система жана анын мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир келишпестигинин өзөгү көрүнүп турат.

Британиялык өкүл Пирстин нааразычылыгынын да себеби бар. ХККТСУ — дүйнө коопсуздугун көзөмөлдөп турган маанилүү институттардын бири. Россиянын аталган уюмга карата чабуулу кадыр-баркына доо кетирип, жалпы планетадагы туруктуулукка таасирин тийгизет. Россия мына ушундай "начар" өлкө.

Бирок мындай таризде ой жүгүртүүнүн бир кемчилиги бар.

ХККТСУ 1997-жылы, башкача айтканда, АКШ менен Батыштын доору жүрүп турган маалда түзүлгөн. Андыктан уюмга, анын негизги структурасы болгон Техникалык катчылыгына батыш мамлекеттеринин көзөмөл жүргүзүп калуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды.

Айрым учурда ХККТСУнун калыстыгынан күмөн саната турган жагдайлар жаралып келет. Россиянын ХККТСУдагы туруктуу өкүлү Александр Шульгин "АКШнын жана анын жолун жолдоочулардын толук колдоосуна ээ болгон Техникалык катчылыктын бир нерсе жасайын деген ою жок. Баары өзүнөн өзү чечилип калат деп ойлоп жатат окшойт" деди. Андан соң "жок, чечилип калбай турганын" кошумчалады.

Мына дал ушул себептен улам Россия ХККТСУну жана Техкатчылыкты реформалап, миссиянын географиялык жактан теңдештирилген курамын түзүп, АКШга союздаш болгон өлкөлөрдөн дайындалган эксперттердин үстөмдүгүн жоюуну сунуштап жатат. Бирок Шульгиндин айтымында, мындай сунуш АКШ башында турган бир катар батыш мамлекеттери тарабынан таптакыр кабыл алынбай келет.

Бул пикир келишпестик жалпы эл аралык уюмдардын системасына доо кетирип жатат.

Россия согуштан кийинки мезгилде калыпка салынган принциптерге таянууда. Бул, биринчиден, башка мамлекеттердин өзүнүн кызыкчылыгынын болуусу. Экинчиси, ар кыл, керек болсо каршылашкан тараптардын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жана арбитраждык уюмдардын системасы. Буларга бардык тараптар ишеним артат.

Ал эми Батыш күндөн-күнгө күчүн жоготуп бара жаткан лидерлигин кармап калууга далбас уруп келет. "Эски" структураларга мурункудай эле финансылык жактан кысым көрсөтүүдө. ХККТСУ же 1999-жылы түзүлгөн WADA сыяктуу жаңы уюмдарда батышчыл жетекчилерден улам абалды өзгөртүү боюнча кандайдыр бир аракеттердин кескин жолу буулуп турат.

Мындай кырдаалда системаны өзгөртүүгө далалат кылган Россияны да, кандай болгон күндө да лидерлигин сактап калууга жан үрөгөн АКШ менен анын союздаштарын керели-кечке талкуулай берсе болот.

Бирок турмуш АКШ менен анын тарапташтарынын позициясы кесепеттүү болорун көрсөтүп койду. Бышып турган маселени өз убагында чечпей жүрө берүүнүн акыры жаман бүтөт.

Ал эми ХККТСУнун саясаты Батыштын болуп жаткан окуяларга мамилесин чагылдырат: баары өзүнөн-өзү чечилип калат деп үмүт артышууда.

Россиялык өкүлдүн сөзү менен гана жооп берүү калды. "Жок, чечилип калбайт".

93
Белгилер:
система, уюм, Батыш, АКШ, Россия, химиялык курал
Тема боюнча
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
Батышка багынбаган Башар Асад. Президент тууралуу 10 факты