Коронавирус Кытайда 17 кишинин өмүрүн алды

© AFP / STRКытай медицина кызматкерлери. Архив
Кытай медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 473 адамга жетти. Ал эми коронавирус алгач пайда болгон Хубэй провинциясында алардан тышкары 444 киши ооруп жатат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кытайда 17 киши коронавирустан көз жумганын РИА Новости жазды.

Ушул тапта ал 25 провинцияга жана ири шаарларга жетти. Өлкө боюнча жуктуруп алган адамдардын саны 473 адамга жетти. Ал эми вирус алгач пайда болгон Хубэй провинциясында 444 киши ооруп жатат.

Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кырдаалга баа берүү үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетти чогултуп жатат. Адистер башка өлкөлөргө кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңеш бермекчи.

Медико-генетический научный центр  - Sputnik Кыргызстан
РФ окумуштуулары 7 күндө коронавирусту аныктоочу каражатты иштеп чыкты
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. 22-январь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөр коронавируска текшериле баштады.

Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0