БУУнун баш катчысы ааламды аңтарып жиберет деген төрт кооптуулукту атады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гутерреш XXI кылымдагы прогрессти кыйратып кетчү жана жаратылган мүмкүнчүлүктөрдү коркунучка кептеген төрт кооптуулук туурасында кеп салган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Башкы ассамблеяда сүйлөп жатып учурда дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткан төрт көрүнүш бар экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Мен арабыздан "төрт атчанды"— алар XXI кылымдагы прогрессти кыйратып кетчү жана жаратылган мүмкүнчүлүктөрдү коркунучка кептеген төрт кооптуулукту көрүп турам", — деди Гутерреш.

Анын айтымында, биринчиси — "геостратегиянын болуп көрбөгөндөй чыңалып турушу". Башкы катчы бул чатактар адамдарга азап алып келерин, өзөктүк курал кооптуулугу улам өскөнү байкалгандыгын айткан.

Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саналуу жылдар калдыбы? Окумуштуулар акыр замандын качан болорун айтты
Экинчиси — климаттык каатчылык. Гутерреш дүйнөдө орточо температуранын улам өсүшү байкалып, миллиондогон жаныбарлар жоголуу коркунучуна кабылгандыгын баса белгилеген.

Үчүнчү кооптуулукту ал "улам арбып бара жаткан глобалдуу деңгээлдеги ишенбөөчүлүк" деп атаган. Дүйнөдө саясий мекемелерге болгон ишеним азайып; үч кишинин экөө теңсиздик жайылган өлкөдө жашарын; ааламдашуунун пайдасынан адамдар уламдан-улам шек санап баштагандыгын жар салды.

Акыркы жамандык — башкы катчынын пикиринде, "санарип дүйнөнүн караңгы жактары". Гутерреш адамзат жаңы технологияларды кылмыш кылып, жек көрүүчүлүктү арбытып жана жалган маалымат таратыш үчүн жана адамдарды аеосуз иштетүүгө колдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0