Ирактагы кыргызстандык балдар качан алып келинет? Министрдин жообу

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүЖаш балдар Ирактагы качкындардын лагеринде. Архив
Жаш балдар Ирактагы качкындардын лагеринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иракта калып калган кыргыз балдарын алып келүү маселеси былтыркы жылдын август айында көтөрүлгөн. Министрдин айтымында, учурда даярдык иштери аяктады.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Мамлекет Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын мекенине кайтарып келүүгө даяр. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 23-январь күнү маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ирактагы лагерде жайгашкан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан дүйнөгө үлгү болду! Кызыл чырым коому "Жусан" операциясына таң берди
Эске салсак, Иракта калып калган кыргыз балдарын алып келүү маселеси былтыркы жылдын август айында көтөрүлгөн. Анда Айдарбеков БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольмду кабыл алып, Кыргызстан бул маселе боюнча уюмдун колдоосуна муктаж экенин айткан. Ал эми ЮНИСЕФ жетекчиси кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин билдирген.

Министр бул маселе боюнча бардык тиешелүү ведомстволор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, даярдык көрүлүп бүткөнүн айтты.

"Согуштук аракеттер болгон жайдан кимдир-бирөөнү алып келип, кайра коомго аралаштыруу оңой нерсе эмес. Аларга тиешелүү органдардын, адистердин жардамы керек. Учурда биз даярбыз. Азыр Ирактын расмий чакыруусун гана күтүп жатабыз. Ал жакта абал тынч эмес экенин билесиздер. Качан абал турукташып, ал тарап макулдугун бергенде, биздин адистер барышат", — деди Айдарбеков.

Мындан тышкары, ведомство жетекчиси бул иш боюнча кол кабыш кылып жаткан эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, согуш болуп жаткан өлкөдөн өз жарандарын кайтарып алуу боюнча коңшу Казакстан "Жусан" операциясын ийгиликтүү өткөрүп келет. Анын алкагында мекенине Сирия жана Ирактан 400дөн ашык аял жана балдар кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0