Иракта коррупцияга каршы чыккан 600дөй жаран каза болду

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIИракта болуп жаткан нааразычылык акциясынын катышуучусу
Иракта болуп жаткан нааразычылык акциясынын катышуучусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирактагы демонстранттар коррупцияга жана жумушсуздукка каршы күрөшүп, жашоо-шартты жакшыртууну жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган.

БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. Октябрь айынан бери Иракта болуп жаткан нааразычылык акциясында 600дөй жаран каза болгонун аталган мамлекеттин президенти Бархам Салех билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Зордук-зомбулук бейкүнөө жана жапжаш болгон 600дөй адамдын өмүрүн алып кеткендиги уят көрүнүш. Муну кылмыш деп айтар элем. Мыйзам бузгандар эртеби-кечпи өз жазасын алып, жоопкерчиликке тартылышы керек", — деген ал.

Ирактагы демонстранттар коррупцияга жана жумушсуздукка каршы күрөшүп, жашоо-шартты жакшыртуу жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган.

Мурдараак ЖМКлар митингдин кесепетинен 50 миңдей адам жарадар болгонун жазган. Бул Саддам Хусейн бийликтен кулатылган 2003-жылдан берки эң ири нааразылык акциясы экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0