Пенсионер капысынан өзүнүн мүрзөсүн таап алган. Шотландиядагы окуя

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПарк "Юньон Эстэйт" на острове Ла Диг
Парк Юньон Эстэйт на острове Ла Диг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хэттел өзүнүн аты-жөнү жазылган эстелик таш анын уруксатысыз коюлганын айтып, муну 26 жыл илгери чогуу жашаган аялы кылышы мүмкүн деп шектенген.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Шотландиянын Форфар шаарындагы Ангус округунун тургуну өзүнүн мүрзөсүн капысынан таап алып, бул кимдин колунан келгендигин дароо баамдаган. Бул туурасында The Courier басылмасы жазды.

"75 жаштагы Алан Хэттел (Alan Hattel) өзүнө таандык кабырын таап алып, эмне себептен акыркы айларда анын достору чалып, кабарлашпай калганын түшүнгөн", — деп жазган басылма.

Хэттел анын аты-жөнү жазылган эстелик таш уруксатысыз коюлганын айтып, муну 26 жыл илгери чогуу жашаган аялы кылышы мүмкүн деген божомолун айткан.

"Атайын жер сатып алып, эстелик курдурганына караганда, аялым өзүн да мага жанаша көмүлүүсүн каалаган окшойт. Кабырда анын жанында жатууну каалабайм, мен өлгөндө сөөгүмдү өрттөп салууну пландагам", — деген Алан Хэттел.

Табыт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Башка эмне кылам? Аял күйөөсүн табыты менен кошо өкмөт имаратына алып келди
Бул адам 37 жыл ширетүүчү болуп иштеген, мурдагы жубайы экөөнүн ортосунда бойго жетип калган эки баласы бар.

Журналисттер Хэттелдин аялына аталган иш боюнча сураганда ал жооп берүүдөн баш тарткан. Туугандарынын бири "бул үй-бүлөлүк иш экендигин жана өз ара чечишип аларын" айткан.

Ал эми Ангус округунун администрациясы жер тилкесин ким сатып алганын айта албастыгын жана бул жашыруун маалымат экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0