Германияда атышуу болуп, кеминде алты киши каза тапты

© AP Photo / Martin MeissnerГерманиянын полиция кызматкерлери. Архив
Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя теракт катары бааланган жок. Аймактын полициясы чыр пикир келишпестиктен улам чыкканын кабарлады.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Германиянын Баден-Вюртенбергдеги Рот-ам-Зе аймагында атышуу болуп, кеминде алты киши каза тапты. Бул тууралуу Focus басылмасы жазды.

Анткен менен полиция каза тапкандар менен жабыркагандар бар экенин маалымдап, бирок алардын санын айткан эмес.

"Ведомство окуя теракт эмес экенин кабарлады. Чыр пикир келишпестиктен улам чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0