Люди стоят возле разрушенного здания после землетрясения в Элязыге. Турция, 24 января 2020 года

Түркия министри: жер титирөөдөн 30га жакын жараныбыз уранды алдында калууда

1630
(жаңыланган 11:52 25.01.2020)
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы билдирүүсүндө өлгөндөрдүн саны 20га жетсе, ал эми жарадар болгондордун саны 1000ден ашканы айтылды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жер титирөөнүн эпицентри болгон Элазык шаарындагы уранды алдында 30га жакын киши калгандыгын билдирди. Бул туурасында Anadolu агенттиги кабарлады.

"Элазыкта биз билгенден азыркыга чейин 30га жакын жараныбыз уранды астында калууда. Жер титирөөдө каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн", — деп кошумчалады министр.

Зилзаладан жабыр тарткан кээ бир жарандар түндү спорт залдарда өткөргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы билдирүүсүндө өлгөндөрдүн саны 20га, жаракат алгандардын саны 1015ке жеткени кабарланды.

Буга чейинки маалыматтарда кырсыктан 19 кишинин каза тапканы кабарланган.

1630
Белгилер:
урандылар, министр, куткаруучулар, өлүм, жер титирөө, Түркия
Тема боюнча
Тажикстандагы 6 баллга жеткен жер титирөө Ошто да сезилди
Түркияда жер силкинип, 19 адам көз жумду. Сүрөт