Украинанын учагын атып түшүргөн аскер азыр кайда. Министр билдирүү таратты

© Sputnik / Mazyar AsadiНа месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800
На месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зариф чабуул болчу күнү аба мейкиндигинин жабылбаганын согуштук аракеттер Тегерандан алыс жерде болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Иран Иракка каршы сегиз жыл бою согушкан учурда дагы аба мейкиндигин жапкан эмес.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф Украинанын жарандык Boeing учагын жаңылыштык менен атып түшүргөн аскер кызматкери абакта экенин айтты. Бул тууралуу Sputnik радиосу маалымдады.

"32 жыл мурда АКШ Ирандын жарандык учагын атып түшүргөн. Анысы үчүн ушул күнгө чейин расмий кечирим сурай элек. Керек болсо америкалык офицер медаль менен сыйланган. Ал эми Украинанын учагынын кулашына себепчи болгон ирандык аскер абакта жатат", — деди ал.

Зариф чабуул болчу күнү аба мейкиндигинин жабылбаганын согуштук аракеттер Тегерандан алыс жерде болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Иран Иракка каршы сегиз жыл бою согушкан учурда дагы аба мейкиндигин жапкан эмес.

Ошондой эле министр кырсык тууралуу иликтөөлөргө украиналык адистерди жана Boeing компаниясынын өкүлдөрү чакырылганын кошумчалады.

Каргашанын чоо-жайы

Опубликовано видео возможного попадания ракет в самолет в Иране - Sputnik Кыргызстан
Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо
2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскерий учагы деп жаңылыштык менен атып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0