Диванда отурган адам. Архив

Тырмагын кемиргенди жакшы көргөн адам бир өлүмдөн калды

2604
(жаңыланган 10:19 27.01.2020)
Кишинин манжасы шишип кетип, ооруканага жаткырышкан. Ага тез арада операция жасалып, тырмагын алып салышкан.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Шотландиянын Глазго шаарынын жашоочусу тырмагын кемирген адатынан улам өмүрүнө коркунуч келтирген инфекция жуктуруп алган. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Анын манжасы шишип кетип, ооруканага жаткырышкан. Дос кызынын айтымында, ал тырмагын тиштегилегенди абдан жакшы көрчү.

Жыйынтыгында, медиктер андан паронихия деп аталган тери оорусун аныктаган. Кишиге операция жасалып, тырмагын алып салышкан.

Дарыгерлер мындай оору денесине тарап кетсе, адам каза болуп калышы толук мүмкүн эле деген кооптонуусун айтышкан.

Алар жаман адаттын ээсинин тырмагы кайра калыбына келбей тургандыгын кошумчалашкан.

2604
Белгилер:
операция, оору, Шотландия, тырмак
Тема боюнча
Окумуштуулар чачты ак бастырбай алып жүрүүнүн жолун айтышты. Жаңы иликтөө