Жанында кызы бар экен... Белгилүү баскетболчу Коби Брайант авиакырсыктан көз жумду

© REUTERS / Aly SongАКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону Коби Брайант. Архив
АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону Коби Брайант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коби Брайант 20 жыл бою "Лейкерс" командасынын курамында ойногон. Спортчу тик учак менен оюнга бара жатып кырсыктаган. Жанында 13 жаштагы кызы да болгон.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону Коби Брайант авиакырсыктан каза болду. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

​Спортчунун  41 жашта экени айтылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kobe Bryant (@kobebryant)

"Калифорнияда кырсыктаган тик учактын ичинде сегиз адам бара жатканы аныкталды. Алардын арасында спортчунун 13 жаштагы кызы Жианна да бар эле. Авиакырсык 27-январга караган түнү коюу тумандан улам болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kobe Bryant (@kobebryant)

Алдын ала маалыматтар боюнча, Коби кызын алып, дагы бир өспүрүм кыз ата-энеси менен кошо оюнга бара жатышкан. Брайант Жианнаны баскетболчу катары даярдап, кызынын мектептеги командасын машыктырчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kobe Bryant (@kobebryant)

Коби Брайант — дүйнөлүк баскетболдун легендасына айланган адам. АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону жана эң барктуу оюнчусу аталган. 1996-жылы "Лейкерс" командасына кирип, ошону менен 20 жыл бою аталган команданын курамында ойногон. Мындай туруктуулук менен эки гана кесипкөй спортчу сыймыктана алат. Алар — "Детройт Ред Уингз" хоккей командасынын капитаны Стив Айзерман жана "Нью-Йорк Янкиз" командасынын белгилүү бейсболчусу Дерек Жетер.

Жаңылыктар түрмөгү
0