АКШнын Освенцим бошотуучулары менен курмандыктарына жасаган мааниси жок мамилеси

© REUTERS / AMMAR AWADВизит вице-президента США Майка Пенса Иерусалима
Визит вице-президента США Майка Пенса Иерусалима - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Освенцим концлагерин Кызыл армиянын бошотушунун 75 жылдыгына арналган иш-чарада америкалык конок вице-президент Майк Пенстин сүйлөгөнү кызыгууну жаратпаганы менен көп сөздүн башы болду.

Аталган иш-чарага катышкан Виктор Мараховскийдин вице-президенттин сүйлөгөн сөзү жана аракеттери боюнча пикирин РИА Новости сунуштайт.

Кеп анын маанилүү бир сөздү айтып жибергенинде эмес, эч нерсе айтпаганы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

АКШнын вице-президенти концлагердин туткундарын бошотууга арналган сөзүндө америкалык жоокерлерди (ал жерди буту баспаган) кепке кыпчый кетип, советтик аскерлер туурасында лам дебегени болду. Жүздөгөн советтик жоокерлер лагерди эле бошотпостон кан-жанын аябай курман болушкан. Анын айтымында, Аушвиц дарбазасын жазаланган Россиядан "мамлекеттүүлүгү жок эле олимпиадалык атлеттер" сыяктуулар — ким экендиги белгисиз эле "аскерлер" ачып бериптир.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Анын эмнесин айталы. Негизинен бул, албетте, XX кылымдын жаңы концепциясынын тарыхынын — мындан бир нече ондогон жылдар мурда, болбой эле тырмышып алып түзө берген концепциянын алкагынан туруп жасалган мамиле.

Концепция XX кылымда бир топ бай тарыхы бар, башынан трагедияны өткөргөн улуу Советтер Союзу деген мамлекет болгон эмес деген көз карашты карманат. Алар жасаган эрдиктер да болбоптур. Дүйнөлүк биринчи согуштун күлүнөн кайра жаралып тура келип, интервенттер менен чыгыш европалык империялардын топторунун чабуулуна туруштук берип, чөгөлөп баратып кайра туруп, кайрадан кубаттанган өлкө болгон эмес экен. Гитлердик Германияга каршы союздашты жылдап издеп, бирок таппай, улутчулардын соккусуна кабылып, бирок кыйрабай, Освенцимди бошотуп, Берлинди алып, андан соң адамзаттын ичинен космосту биринчи болуп багынткан мамлекет жок экен.

Башка — тоталитардык Советтер Союзу болуптур, ал Россия империясы деген немеден чыгыптыр, Гитлер менен алакалашып кетип тынчтыкта жаткан Польшаны бөлүп алыптыр. Айта берсе тизме дагы уланчудай. Айтор, СССР урап, анын чачырандылары азыркы замандагы путиндик Россияга айланып, зилин чачып, шайлоого киришип жашоосун улантып жатыптыр.

Биз көрүп тургандай, бул концепция кандайдыр бир карама-каршы пикирлерден ажырап, жипке тизгендей экен.

Анын бир гана маселеси бар: XX (XXI деле кошсо болот) кылымдын тарыхына бул Мордор жасаган улуу эрдиктер жана ак пейил иштер жазылып калган.

Концепцияны бузуп албоонун бирден-бир жолу — алар туурасында үн катпоо.

Адатта баары сонун болуп уланып кетет — эркин дүйнөнүн реалдуулук деп аталган пульту болот. Анын жардамы менен артка кайтып барып, миллиондогон чарчы чакырымдын, аймактын көзүнө карабай туруп, анын үстүнө "бул жерде эч нерсе болгон эмес" деген жазууну орнотуп коюу кыйын деле эмес.

Көп жылдар бою башты айлантып отуруп, тарыхты бурмалап, “Германияны кордук көргөн байкушка” айландырып койсо болот.

Мына минтип АКШнын вице-президенти Освенцим бошотулгандыгын эскерүү күнүндө “аны Советтик армия бошоткон” деп оозунан сөз чыкпай турат. Анын программасында бул нерсе каралган эмес, муну моюнга алуудан тайсалдашат.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин тарыхты бурмалагандардын жаагын жап кылууну убадалады. Видео
Освенцим өзүнөн-өзү бошогон. Бошотуу бул жакшы иш. Ал эми орустар - Советтер Союзу жакшылыкка жарабайт. Ал эми Освенцим орун алган Польшага Советтер Союзунун аскерлери баскынчы катары кирген. Баскынчылык алардын колунан келет.

Ошол эле себептер менен Иерусалимде Польша президенти болгон жок. Польша өзүн Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыгы кылып көрсөтүү үчүн чоң аракет жумшады.

Варшава өтө кыжырлуу. Ал ондогон жылдар бою өзүнүн каалаганын аткартып келип, жок деген сөздү уккан эмес. Эми башынан өткөндөрдү эстеткендерге кантип жооп беришти билбей турат.

Ал эми АКШга баары бир. Алар үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш Европада 1944-жылы башталган. Чынын айтканда бул алар үчүн бир тасманын сценарийи гана. Ал эми алар кинодо баарын жасай алышат. Мисалы, Гитлерди америкалыктар Париждеги кинотеатрда аткылап салышат.

Бирок чыныгы турмуш тасма эмес да. Чыныгы согушту көргөн, анда ата-бабасы курман болгон, кор болгондор үчүн боштондук тартуулай алган эл үчүн өз концепциясына чындыкты батыра албаган киши кандай жасалма экени көрүнүп эле калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0