Канайым Диананын автоунаасы аукционго коюлду

© AP Photo / Dave CaulkinВизит принца Чарльза в Канберру
Визит принца Чарльза в Канберру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канайым Диана бул автоунааны атагы таш жарып турган кезинде айдаган. Ал каза болгондон кийин кабриолетти уулдары Уильям менен Гарри дагы башкарган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кезинде канайым Дианага таандык болгон Audi 80 үлгүсүндөгү кабриолет Улуу Британиядагы аукцион үйлөрүнүн биринде сатыкка коюлду. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия маалымдады.

Эки эшиктүү, үстү ачык автоунаа 1994-жылы колдонууга берилгенден кийин 35 миң чакырым гана айдалган. Сатуучунун айтымында, ал жаңы унаадай эле.

"Канайым Диана бул автоунааны атагы таш жарып турган кезинде айдаган. Автокөлүк менен бир топ ЖМК беттерине чыккан", — деп жазылат маалыматта.

Канайым каза болгондон кийин унааны бир топ адам башкарган. Алардын арасында Диананын уулдары ханзада Уильям менен Гарри дагы бар.

Автоунаа 28-мартта сатылат. Аны 52 миң долларга чейин баалашууда. Эгер көрсөтүлгөн суммада сатылып кетсе, эң кымбат делип тарыхта калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0