Коронавирустун эл билбеген жаңы белгилери аныкталды

© REUTERS / THOMAS PETERВрачи смотрят на экран, на котором показано отделение, где лежат пациенты инфицированные коронавирусом, Ухань, Китай. 28 января 2020 года
Врачи смотрят на экран, на котором показано отделение, где лежат пациенты инфицированные коронавирусом, Ухань, Китай. 28 января 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, акыркы учурда коронавирустун жеңил формасы көп болууда. Айрым оорулуулардын өпкөсү сезгенип, дене табы көтөрүлгөн эмес.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Коронавирустун жаңы тиби көп учурда аба аркылуу берилет. Ошондой эле кир кол менен көздү кармаган учурда да жугушу мүмкүндүгүн Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитетинин эксперттер тобунун мүчөсү Ли Синван билдиргенин РИА Новости жазды.

"Адамдардын бардыгы медициналык беткап кийип, жакын аралыкта туруп баарлашууну азайтышы керек. Вирус денелердин тийишүүсүнөн да жугат. Мисалы, эгер колдо вирус болсо аны менен көздү сүрткөндө организмге кирип кетиши мүмкүн. Оору жаңы башталганда адам температура болуп, жөтөлүп алсырайт. Илдет өтүшүп баратканда дем алуу кыйындайт. Бейтаптын өзүндө башка илдети болсо абалы ого бетер оорлошуп кетиши мүмкүн", — деди адис.

Ли Синвандын айтымында, акыркы учурда коронавирустун жеңил формасы көп болууда. Айрым оорулуулардын өпкөсү сезгенип, дене табы көтөрүлгөн эмес. Кургак жөтөл менен кайрылгандар да болгон. Алар кайсы бир деңгээлде вирустун алып жүрүүчүлөрү экени аныкталган.

Коронавирус жайылган өлкөлөр - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус ааламга кантип тарап жатат? Карта
Дарыгер вируска кабылып, жеңил формада ооругандарды бир жумада айыктыруу мүмкүн экендигин кошумчалады. Ал эми оор формадагысына эки жума же андан көп убакыт керектелет.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары 17 өлкөгө жетти.

Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотууну чечти.

Жаңылыктар түрмөгү
0