Украина четте карап турду беле? Зеленский оозунан жаңылганда

© AFP / JANEK SKARZYNSKI 75-ая годовщина освобождения бывшего нацистского лагеря смерти Освенцим
75-ая годовщина освобождения бывшего нацистского лагеря смерти Освенцим - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украина президенти Владимир Зеленский Экинчи дүйнөлүк согуштун себепкери СССР экенин айтты. Атургай Аушвиц концлагерин Житомир жана Львов дивизиялары бошотконуна басым жасады. Варшава коңшусунан эмне талап кылып жатканын РИА Новости даярдаган материалдан окуңуз.

Зеленскийдин билдирүүлөрүнүн фонунда Польша президенти Анджей Дуданын Киевге жасаган сунушу байкалбай калды окшойт. Эскерүү жүрүп жатканда Дуда Аушвицтеги иш-чаранын катышуучулары "ушул лагерде жана башка жактан өлтүрүлгөн алты миллион еврейдин элесин эскерип, урмат менен мамиле жасай турганын" айткан. Өз сөзүндө ал Кызыл армия жана концлагердин курмандыгы болгон советтик туткундарды да эскерип өттү. Парижде Эммануэль Макрон сүйлөп жатып концлагердин аймагына кадам таштаган Кызыл армия жоокерлеринин эрдигин белгилеген. Ал эми Зеленский концлагерден аман калгандардын алдына чыгып, Кызыл армияга токтолгон да жок.

Визит вице-президента США Майка Пенса Иерусалима - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Освенцим бошотуучулары менен курмандыктарына жасаган мааниси жок мамилеси
Эртеси Дуда дагы оюн өзгөртүп жибергендей болду. Украина өлкө башчысына кайрылып жатып: "Мен президент мырзага 1920-жылы большевиктердин баскынчылыгына каршы турган польшалык жана украиналык жоокерлерди эскерүүнү сунуштадым", — деди. Ал эми Зеленский жообунда Аушвицти бошотуудагы украиналыктардын эрдигин баса белгилөөгө аракет кылды.

Бул сөздөргө көңүл буруп басым жасоонун зарылдыгы жок. Бирок Украина жетекчисинин Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышына себепкер болгон нерселер тууралуу кеби таң калтырды.

"Тоталитардык режимдин кесепетин биринчилерден болуп Польша жана польшалыктар сезди. Бул согуштун башталышын шарттап, улутчулдарга Холокосттун канжарын шилтөөгө жол ачты", — деди Зеленский.

Президенттин мындай жагалдануусу ага чейинки айткан сөзүнөн улам болушу мүмкүн. Польшалыктарды куттуктап жатып, Жарандык согуш маалында "Галичинанын ири аймагын Польшанын аскери, Түндүк Буковинаны румындар, ал эми Закарпатье Чехославакияга өтүп кеткенин" жар салган.

Варшава менен Прага Зеленскийдин сөзүн кулак сыртынан кетирип койгону менен Бухарест түшүндүрмө талап кылган. Украинанын Румыниядагы элчиси баарын "туура эмес котормого жана айтылгандардын туура эмес чечмеленишине" шылтап жаны калды.

Интервью главы МИД РФ С.Лаврова радиостанциям Спутник, Эхо Москвы и Говорит Москва - Sputnik Кыргызстан
Симоньян Кызыл Армиянын эрдигин унуткарган польшалыктарды уяткарууну сунуштады
Түндүк Буковина Румыния үчүн өтө оор тема. Анткени бул аймак кезинде Австро-Венгрия империясынын курамына кирип, бирок 1918-жылы Бухарест көзөмөлдөп калган. Румыния бийлиги 1940-жылы аталган жерди тарттырып ийген да, Советтер Союзу аймакты Украина ССРинин курамына киргизип койгон. Улуу Ата Мекендик согуш маалында румын аскерлери кайрадан ээлеп алышкан, бирок 1944-жылы бошотулган болчу. Мындан улам румыниялык тарыхчылар бул окуяларды "советтик оккупация" катары кабылдашат.

Зеленскийдин айтып-дегендери Москванын суроосун жаратууда. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Украина президентинин согуштун күнөөкөрлөрү тууралуу айткандары менен таптакыр макул эместигин билдирди.

"Украина президенти Польша бийлигинин туура эмес көз карашына кошулуп жатат. Мындай билдирүүлөр Европаны, ошол эле Польшаны фашизмден бошотууга катышкан миңдеген сан адамдын урпактарына катуу тиет", — деди Песков.

Тарых илимдеринин кандидаты Михаил Диунов Дуданын Зеленскийге "тарыхый диалогду" жандантуу боюнча сунушу айла-амалдуу деп эсептейт. Анын айтымында, "Украина бийлигине келген адамдардын дилетантизми" саясатка таасирин тийгизиши мүмкүн. "Эгер Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышына СССР айыптуу дегенди айта берсе, суроо жаралат: ошол маалда Украина эмне четте карап турду беле? Мураскерлик тууралуу мыйзам 1991-жылы эле кабыл алынган. Ал жерде Украина Украина ССРинин жана жалпы СССРдин мураскери деп так, даана жазылып турат", — деди Диунов.

Варшаванын пикири менен макул болуу мыйзам ченемдүү жыйынтыкка такайт. "СССРди айыптоого жасалган аракет автоматтык түрдө Украинаны күнөөлүүлөрдүн катарына кошот. Мындан улам польшалыктарда "эмнеге Галиция менен Волынга украиналыктар ээлик кылат, эгер бул аймактар Германия менен сүйлөшүүнүн натыйжасында алынган болсо анда аларды кайтарып алууга убакыт келгендир" деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Зеленскийдин эки күн мурун Польшадагы бийлик партиясынын лидери Ярослав Качиньский өкмөт Экинчи дүйнөлүк согуштан келтирилген зыян үчүн компенсацияны Германиядан эле эмес, Россиядан да талап кыла турганын билдирген.

Улуттук стратегия институтунун эл аралык программалардын директору Юрий Солозобов Варшава украиналык улутчулдарды жек көрсө да эмне себептен Киевдин идеологиясын колдоп жатканын түшүндүрүп берди.

"Польша өзүн Украинанын адвокаты деп атап келген. Чынында эле бул 2014-жылдагы жаңжалдан утушка ээ болгон Европадагы жападан жалгыз өлкө. 2,5 миллион украиналык жаран Польша экономикасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн иштеп жатат. Бул эки тарап үчүн тең маанилүү нерсе. Мындан улам Аушвицте Зеленский поляктар каалап турган сөздү айтты. Эгер Порошенконун учурунда тарых үчүн согуш жүрүп келсе, эми элдешүү үчүн кадамдар жасалат. Мында Польша Украинанын батыш аймагы менен кызматташа башташы мүмкүн. Порошенконун учурунда буга жол жабык эле", — деди Солозобов.

Жаңылыктар түрмөгү
0