Эл коронавирустан коргонуп башына желим бөтөлкө кие баштадыбы? Видео, сүрөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу маска кийген жүргүнчүлөр
Аэропорттогу маска кийген жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон кишилер 5 литрлик желим бөтөлкөнү башына кийип, аба кирип туруу үчүн анын ооз жагын ачып койгонун көрүүгө болот.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. ЖМКлар менен социалдык тармактын колдонуучулары коронавирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийген кишилердин сүрөт, видеосу менен бөлүшүүдө.

Сүрөттөр Ванкувер шаарындагы эл аралык аэропорттон тартылган.

​Вирустан мындай жол менен коргонуу дарыканаларда бет кап тартыштыгынан жаралышы мүмкүндүгү айтылат. Башка кадрлардан Гонконг менен Шанхай (Кытай) аба майданынын жүргүнчүлөрүн көрүүгө болот.

Видеодон адамдар 5 литрлик желим бөтөлкөнү башына кийип, аба кирип туруу үчүн анын ооз жагын ачып койгону байкалат.

​Соңку маалыматтар боюнча, Кытайда тарап жаткан коронавирустан 170тен ашуун киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0