Адистер чылымдан жабыркаган өпкө калыбына келерин айтышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин чылым таштаса деле рак оорусуна алып келген мутациялар организмде калат деген пикир айтылган. Анткен менен окумуштуулар соо калган клеткалар өпкөнү калыбына келтире аларын аныкташты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Адамдын өпкөсү өзүн чылым чеккендин кесепетинен пайда болгон канцероген (ырбаак шишиктердин организмде жаралышына себепкер заттар — ред.) мутациясынан айыктыра алат. Бирок тамекини таштоо зарыл экендигин BBC маалымдады.

Ак чач адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар чачты ак бастырбай алып жүрүүнүн жолун айтышты. Жаңы иликтөө
Буга чейин киши чылым тартпай калса деле рак оорусуна алып келген мутациялар организмде калат деген пикир айтылган. Анткен менен окумуштуулар соо калган клеткалар өпкөнү калыбына келтире аларын изилдеп чыгышты. Бул нерсе 40 жыл ичинде күн сайын бирден кутуча тамеки чеккендерде да байкалганы айтылат.

Адистердин пикиринде, чылымдагы химиялык элементтер өпкөнүн ДНК клеткаларын бузуп, мутациялап, бара-бара залалдуу шишиктердин пайда болушуна алып келет.

Изилдөө учурунда дем алуу органынан алынган клеткалардын көбү тамекинин айынан бузулуп кеткени аныкталган. Мындай клеткалар 10 миңге чейинки генетикалык өзгөрүүнү камтыйт. Бирок клеткалардын бир бөлүгү соо калары байкалган.

"Алар кантип генетикалык мутациядан "аман" калары түшүнүксүз. Чылымды таштаганда дал ушулар өсүп, бузулган клеткалардын ордун толуктап баштайт", — дешкен окумуштуулар.

Натыйжада тамекиден баш тарткан кишилердин өпкөсүнүн клеткаларынын 40 пайызы эч качан чылым чекпеген адамдардыкындай көрүнүп калары белгиленет.
Маалыматта адистер изилдөөнү дагы тереңдетип жатканы кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0