Коркпош керек! Коронавирустан толук айыккан алгачкы аялдын маеги

© REUTERS / NAKHON PATHOM HOSPITALМедики осматривают пациента зараженного коронавирусом
Медики осматривают пациента зараженного коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө абал экенин моюндады. Бирок ошол эле учурда аталган уюм адамдардын ары-бери жүрүүсүнө, жүк ташууга тыюу салуунун кажети жок деп эсептейт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Коронавирустан толук айыккан кытайлык Цзян аттуу айымдын маегин РИА Новости жазып чыкты.

Цзян 44 жашта. Ушань уездиндеги Чунцин шаарында (Түштүк-Батыш Кытай) төрөлүп, акыркы бир нече жылдан бери Уханда иштеген. Анын Чунциндеги борбордук "Санься" ооруканасынан дарыланып чыкканы айтылды.

"15-январда жаңы жыл тосуу үчүн кичи мекениме баргам. Тосуп чыккан күйөөм темир жол бекетинен эле алсырап турганымды көрүп, дароо элдик ооруканага алып барды. Бир нече күн дарыланганым жакшы жыйынтык берген жок. 21-январда Ваньчжоу районундагы "Санься" борбордук ооруканасындагы изоляторго жаткырышып, коронавирустун жаңы тиби менен козголгон пневмония дартына чалдыкканымды аныкташты", — деп айтып берген аял.

Цзян Чунцин шаарында бул дартка чалдыккандардын алгачкысы болгон. Өз сөзүндө келин дарыгерлер менен медайымдар өзгөчө камкордук менен мамиле жасашканын, күн сайын вируска жана инфекцияларга каршы дарылап, керек болсо кытай элдик салттуу медициналык ыкманы да колдонушканын айтып берген. 

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда
"Акыркы күндөрү оорунун симптомдору жакшы жакка өзгөргөнүн көргөн дарыгерлер мага ооруканадан чыгууга болорун айтышты. Дарылоо үчүн менден бир тыйын да алышкан жок. Бул оору коркунучтуубу деп көп сурашат? Эң башкысы өзүң коркпой, болушунча жакшы коргонуп, бет кап кийүү менен колду бат-бат жууп туруу абзел. Эгер дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп же дагы башка симптомдору байкалса, дароо дарыгерге баргыла", — деди ал маегинде.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө абал экенин моюндады.

"Мен коронавирус оорусунун жайылышын коомдук саламаттык тармагындагы өзгөчө кырдаал экендигин жарыялайм", — деди уюмдун башчысы Тедрос Адхан Гебрейесус аталган уюмдун өзгөчө кырдаал комитетинин Женевадагы жыйынынан кийин.

Бирок ошол эле учурда аталган уюм адамдардын ары-бери жүрүүсүнө, жүк ташууга тыюу салуунун кажети жок деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0