БУУ санариптештирүүнүн зыянын тизмектеп берди

© AFP / DIANA SANCHEZБУУнун башкы катчысынын орун басары Фабрицио Хохшильд. Архив
БУУнун башкы катчысынын орун басары Фабрицио Хохшильд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма интеллектини колдонуунун жакшы жактары көп, бирок санарип технологиясы тобокелдикке кептеши мүмкүн.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Санариптик технологиянын да өзүнүн кооптуу жактары көп. Бул туурасында БУУнун башкы катчысынын орун басары Фабрицио Хохшильд "Digital Almaty: глобалдуу экономиканын санарип келечеги" деп аталган форумда айтты.

Анын айтымына караганда, жасалма интеллектини колдонуунун жакшы жактары көп, тагыраагы, адамдарга караганда дарттын дабасын так аныктайт. Анткен менен санарип технологиясы кооптуулукка кептеши мүмкүн.

"Криптовалюта менен блокчейн көп электр энергиясын алат. Божомолго караганда, 2030-жылы алар жана башка IT-технологиялар дүйнөдөгү электр кубатынын 30 пайызга чейинки көлөмүн колдонушу мүмкүн, — деди Хохшильд.

Большая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Качып кутулам деп ойлобогула! Жээнбеков президенттигинин негизги багытын атады
Мындан сырткары, билимдүүрөөк адамдар азыраак камсыздалгандардын ишин тартып алышы мүмкүн деген кооптуулук бар.

БУУ жетекчисинин орун басары айланткан акчасы автоунаа өндүргөндөргө тең келген ири IT-компанияны мисал келтирип, ишкананын кызматкерлери 8-9 эсе көп экендигин айтышты.

Хохшильд санариптен көп пайда алууга аракет кылып, бирок аны менен катар эле тобокелдикти азайтуу туурасында айтты.

Digital Almaty форуму Казакстанда өтүп, ага кыргызстандыктар да катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0