Ичкилик мээнин салмагын азайтып, тез карытат. Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы

© Фото / Pixabay/ bridgeswardИчкилик ичип жаткан адамдар. Архив
Ичкилик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17 миң адам катышкан изилдөө маалында адистер ичимдиктин ар бир граммы мээни болжол менен 1,5 күнгө карытып коёрун аныктаган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Спирт ичимдиктери мээнин бат карышына алып келет. Мындай бүтүмгө Түштүк Калифорния университетинин (АКШ) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Бул үчүн окумуштуулар 41ден 81 жашка чейинки 17 миң адамдын мээсин компьютердик томография аркылуу иликтеп көрүшкөн. Жыйынтыгында ичимдикти өтө сейрек ичкен же таптакыр ичпегендерге караганда ууртап-татып же көп ичип жүргөндөрдүн мээси эртерээк карып, башкача айтканда, салмагы азайып кеткени белгилүү болгон.

"Иликтөө маалында адистер ичимдиктин ар бир граммы мээни болжол менен 1,5 күнгө карытып коёрун аныктаган", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулар мээнин курагын аныктоо үчүн магниттик-резонанстык томографияны пайдаланып, анын өлчөмүн жана биологиялык абалын эске алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0