Дүйнө кара чайды чана баштады. Эмне ичебиз?

© Фото / Pixabay/ congerdesignЧашка чая
Чашка чая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча кардарлардын табити өзгөрүп, кара чайдын ордуна көпчүлүк ар кандай чөп кошулмалары бар чайларды иче баштаганы айтылууда.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө кара чайга мурдагыдай талап күч болбой калды. Мындан улам ири чай компаниялары саясатын өзгөртүүнү пландап жатканын Reuters агенттиги жазды.

"Дүйнө жүзү боюнча кардарлардын табити өзгөрүп, кара чай жакшы өтпөй калды. Азыр көпчүлүк ар кандай чөп кошулмалары бар чайларды иче баштады", — деп айтылат макалада.

Бирок кара чайга болгон талап канча эсе кыскарганы так айтылган эмес.

Эске салсак, буга чейин окумуштуулардын эл аралык тобу бир күндө эки же андан ашык чөйчөк кофе же чай ичүү өпкө рагына алып келиши мүмкүн деген бүтүмгө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0