Россия региондорунда тамактануучу жайлар коронавируска каршы дезинфекцияланат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТамактануучу жай. Архив
Тамактануучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын Забайкалье аймагында жана Тюмень облусунда эки Кытай жараны коронавирус жуктурганы аныкталган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россиянын региондорунда коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн коомдук тамактануу жайлары жана азык-түлүк саткан дүкөндөр дезинфекцияланмай болду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Бул боюнча РФ башкы санитардык дарыгеринин токтому чыгып, Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) дезинфекциялоо иштерин катуулатууга тапшырма берген.

"РФтин субъектилеринде жогорку кызмат адамдары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен биргеликте коомдук тамактануу жайларын жана азык-түлүк саткан дүкөндөрдү дезинфекциялоо иштерин күчөтүлгөн тартипте уюштурсун. Убактылуу жашоого келген Кытай жарандары 14 күн бою дарыгердин көзөмөлүндө болуп, коронавирустун билгелери аныкталса лабораториялык текшерүүгө алып келинсин", — деп жазылган токтомдо.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын Забайкалье аймагында жана Тюмень облусунда жүргөн эки Кытай жараны коронавирус жуктурганы аныкталган.

Соңку маалымат боюнча оорунун очогу болгон Кытайда аталган дартты жуктуруп алгандардын саны 9720га жетсе, 213 киши каза тапты. Бул илдет башка өлкөлөргө да жайылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0