30 жашка чыкпай жатып инсультка кимдер кабыларын Малышева айтып берди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДоктор медицинских наук, профессор и телеведущая Елена Малышева
Доктор медицинских наук, профессор и телеведущая Елена Малышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис чоңдор 50 жаш курагында инфаркт же инсульт болсо, алды-кийин алардын балдарын да текшертип коюу ашыктык кылбастыгын белгилеген.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Холестерини көп балдар 30 жаш курагында эле инсульт же инфарктка кабылышы мүмкүндүгүн медицина илимдеринин доктору, теле алып баруучу Елена Малышева социалдык баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Елена Малышева (@malysheva.live)

"Холестерини жогору болгон балдардын инфаркт жана инсультка кабылуу кооптуулугу бар. Бул өтө эле эрте куракта, 30 же 40 жашта болушу мүмкүн", — деп жазган ал.

Рентгенохирург Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө эчак эбин тапкан инсульттан бизде майып болуп жатышат. Врачтын ачуу чындыгы
Дарыгер мындай оору тукум кууй турган сымал кездешерин айткан. Эгерде чоңдор 50 жаш курагында инфаркт же инсульт болсо, алардын балдарын да текшертип коюу ашыктык кылбастыгын белгилеген.

Теле алып баруучунун айтымына караганда, Россия боюнча Татарстандагы республикалык ооруканада гана баланын гиперхолестеринемияга (кандагы холестериндин көбөйүп кетиши) кабылган-кабылбагандыгын аныктаган бекер программа иштейт. Бул процедура эгерде алардын атасы же энеси 50 жашка чыга электе жогоруда аталган илдеттердин бири менен жабыркаса, текшертилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0