Атайын коронавирустан сактоочу кийим кийген медицина кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Алгачкы жолу Кытайда эмес, башка өлкөдө коронавирустан адам өлдү

4214
(жаңыланган 15:18 02.02.2020)
Ушул тапта Кытайда оорудан каза тапкандардын саны 304кө жетти. Көз жумган бейтап коронавирусту жугузуп алган эки адамдын бири болчу.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Биринчи жолу Кытайдан башка мамлекетте, тагыраагы, Филиппинде коронавирустан киши каза тапты. 44 жаштагы эркек адам Ухань шаарынын тургуну болгондугун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Филиппиндеги бөлүмү Twitter баракчасына жазды.

​Маалыматка ылайык, ал Филиппинде коронавирус илдетин жугузуп алган эки адамдын бири болчу. Анын көз жумганы 1-февралда маалым болгон.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.

Коронавирус Кытайдан тышкары 20дан ашык мамлекетке жетип, 100дөн ашык адам вирусту жуктурган. Ал эми Кытайда оорудан 304 адам каза таап, 14 380ге чукул киши ооруп жатат. Бейтапканадан чыккандардын саны — 328.

Кыргызстан көргөн чаралар

Ушу тапта бардык чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында, Бишкек менен Оштун аэропортторунда санитардык-карантиндик көзөмөл жайлары иштеп, Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатышат. Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылып, аба каттамдары токтотулду.

Өкмөт тарабынан коронавирустун өлкө аймагында жайылышын алдын алуу үчүн иш-чаралардын планы бекитилген. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда бет кап жана вирустук инфекцияларга каршы дары-дармектер жетиштүү экендигин эскертти

4214
Белгилер:
өлүм, оору, коронавирус, Филиппиндер, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (953)
Тема боюнча
Коркпош керек! Коронавирустан толук айыккан алгачкы аялдын маеги
Россия региондорунда тамактануучу жайлар коронавируска каршы дезинфекцияланат
Коронавирустун даана тартылган сүрөтү. Фотофакт
Россияда коронавирус жуктурган эки кытайлык жаран аныкталды
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейруттагы митингдер күч алды. Акыркы маалыматтар видеодо

98
(жаңыланган 00:44 09.08.2020)
Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясына чыккандар бир нече министрликти басып алышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасын жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда.

Буга чейин митингчилер ТИМдин имаратына кирип, артынан полиция барганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, тартип сакчылары элди кууш үчүн ок чыгарган. Бирок расмий тараптар бул маалыматты төгүндөп жатат.

Жеринде тартылган видеолор RT Телеграм-каналында жана Твиттерде жарыяланып жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны 170ке жетти. Бир нечеси ооруканага жеткирилди.

Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Ошондой эле бир полиция кызматкери өлгөнү маалым болду. Ал Le Grey мейманканасындагы кагылышууда жаракат алган.

Өлкөнүн премьер-министри Хассан Диабдын элге кайрылуусунда өкмөттүн эмки жыйынында мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштай турганын айтты. Анын пикиринде, ушул чечим гана өлкөнү кризистен куркарып кала алат.

​Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

98
Белгилер:
полиция, эл, митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж
Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео
Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео

129
(жаңыланган 23:24 08.08.2020)
Ливандын жакында эле ири жарылуу болгон борбор шаарында жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразы болгон эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясы башталып, чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына кирип барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

RT Телеграм-каналына акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Ашрафия районунда жайгашкан ТИМ имаратына "Бейрут — ашкерлешүүдөн арылган шаар”, “Революция борбору” деген жарнактарды көтөргөн тургундар басып киришти.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасы жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда. Кызыл Крест коому менен Жарандык коргонуу мекемелеринин автоунаалары жеринде иштеп жатат.

Кагылыш учурунда 109 адам жабыркап, 14ү ооруканага жеткирилди. Акыркы маалыматтарга караганда, Бейруттагы жарылуудан 154 киши каза болуп, 120 киши оор абалда ооруканада жатат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

129
Белгилер:
кагылышуу, шаар, полиция, эл, Митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж