Фитнес-билерик. Архивдик сүрөт

Фитнес-билериктер ден соолукка кооптуубу? Дарыгердин жообу

114
Гаджеттердин кооптуулугунун бири — зыяндуу нурлардын бөлүп чыгуусу экендиги айтылып келет. Анткен менен айрымдар билекке таккан акылдуу девайстар жакында эле пайда болгондуктан анын таасири толук аныкталып бүтө элек деп эсептешет.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Акылдуу сааттар менен фитнес-билериктердин пайдасы тууралуу маалыматтар көбүнө белгилүү. Айрымдар бул гаджеттер зыяндуу болушу мүмкүн деп сестенишет. Мындай кооптонуулар канчалык негиздүү экендигин Sputnik радиосуна дарыгер Константин Иванов айтып берди.

Анда акылдуу сааттар менен фитнес-билериктердин ден соолукка "байкоо салып турары" чын экендиги айтылат. Алар кожоюну жүргөн жерлерди көзөмөлдөп, маалыматтарды берип турат.

Гаджеттердин кооптуулугунун бири — зыяндуу нурлардын бөлүп чыгуусу экендиги айтылып келет. Анткен менен айрымдар билекке таккан акылдуу девайстар жакында эле пайда болгондуктан анын кесепети толук аныкталып бүтө элек деп эсептешет.

Бул боюнча дарыгер-кардиолог Константин Иванов өз оюн айткан.

"Заманга бап гаджеттер зыяндуу нурларды бөлүп чыгарат деген шумдуктуу мифтер бар. Муну метеорит түшүп келе жаткандай эле коркунуч менен салыштырышат. Алардын зыяны тууралуу так  изилдөөлөр жок экендигин айта алам. Смарт-сааттар, трекер жана ар кандай гаджеттердин эч кандай зыяндуу нурлары жок", — деген медик.

Иванов белгилегендей, мобилдик каражаттардын ден соолукка тийгизген пайдасы тууралуу изилдөөлөр жүрүп жатат.

"Жакынкы убактарда смарт-сааттар медицинага кандай жардам бере аларын көрө алабыз. Тагыраагы, жүрөктүн ыргагын билүүгө, артериялык кан басымды жана уйкунун фазасын өлчөөгө, кандагы канттын деңгээлин аныктоого көмөктөшө алышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Ал ошондой эле гаджеттердин жардамы менен адам кыймылын жана тамактануусун оңой көзөмөлдөй аларын кошумчалаган.

114
Белгилер:
ден соолук, дарыгер
Тема боюнча
Дүйнө эчак эбин тапкан инсульттан бизде майып болуп жатышат. Врачтын ачуу чындыгы
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

5
(жаңыланган 23:10 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

5
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

141
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

141
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу