Телефон-алдамчылардын тузагына илинип калбоонун жолдору. Кеңештер

© Фото / PexelsПольза утренних пробежек
Польза утренних пробежек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер биринчи кезекте аңгемелешкен адамдын талап кылып жаткандарына көңүл буруу керектигин белгилешти. Негизинен банк кызматкерлери кардарлардын  тынчын ашыкча алып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга шаштырбайт.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Банктын кызматкерлери телефондон чалган шылуундарга алданып, банктык картадан акчаны уурдатып жибербештин жолдору тууралуу айтып беришти. Бул туурасында РИА Новости "Российская газета" басылмасына шилтеме берип жазды.

Адистердин айтымында, биринчи кезекте аңгемелешкен адамдын талап кылып жаткандарына көңүл буруу керек. Адатта банк кызматкери картанын номери же пин-коду, ошондой эле CVV-код, СМС-билдирүүнүн коду жана сыр сөздөр тууралуу  маалыматты эч качан албайт.

Банкноты рубли - Sputnik Кыргызстан
Москва: көчөдөн таанышкан адамга ишенген киши 6 млн. рублин алдатып жиберди
Эгер ушундай суроолор болсо телефонду коюп салып, картада көрсөтүлгөн номер боюнча банкка байланышуу керек. Мүмкүн болсо башка номерден чалуу зарыл.

Ошондой эле эксперттер маектешкен адам өзүн банк кызматкеримин деп тааныштырып, кимдин бирөө сиздин акчаны чыгарып кетейин деп жатканын айтса шек саноо зарыл. Бул учурда чалган кишинин аты-жөнүн тактап, кеп кайсы карта тууралуу болуп жатканын билүү керек. Адистер белгилегендей, алдамчылардын мындай суроого жообу жок болгондуктан абалдан чыгууга аракеттенишет. Тагыраагы, мукактанып же жооп берүүдө буйдалып калат. Мунун кыраакы киши байкашы керек. 

Мындан тышкары, аңгемелешкен кишинин мамилесине көңүл буруу керек. Негизинен банк кызматкерлери кардарлардын тынчын  ашыкча алып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга шаштырбайт.

Адистер кошумчалагандай, жогорудагыдай адамдарга эч кандай маалымат бербей койгон туура болот. Картанын номери, сыр сөз же код тууралуу ооз ачпоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0