Өлгөндөрдүн саны өсүп, экономика жабыркады. Коронавирус мизин кайтаргысы жок

© Видео / ANTARA FOTOЭпидемия смертельного коронавируса нового типа в мире
Эпидемия смертельного коронавируса нового типа в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун очогу болгон Кытай вирус менен күрөшүүсүн улантууда. Бирок азырынча жыйынтык жок. Тескерисинче, каза богондордун саны 2002-2003-жылкы SARS вирусу учурундагыдан ашып кетти.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кытайда коронавирустан улам келип чыккан пневмония илдетинен каза болгондордун саны SARS вирусунан өлгөндөрдүкүнөн ашып кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кытайдын Саламаттык сактоо мамлекеттик департаментинин 2-февралдагы маалыматына караганда, коронавирустан көз жумгандардын саны 361ге жетти. Ал эми 2002-2003-жылкы SARS вирусу учурунда 349 киши каза тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тамактануучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия региондорунда тамактануучу жайлар коронавируска каршы дезинфекцияланат
Белгилей кетсек, SARS вирусу 2003-жылдын башында аныкталып, эпидемия сегиз миң кишиге жуккан. Ал вирустун очогу да Кытайда болгон. Инфекциянын булагы — жарганаттар. Анан ал Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Азиянын 23 өлкөсүнө тараган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, аталган инфекциядан дүйнөдө 774 киши каза тапканы айтылат.

Мындан тышкары, ушу тапта Кытайдын Экология министрлиги ооруну алып жүрүшү мүмкүн болгон саркынды сууларды дагы өзгөчө көзөмөлгө алууга киришти. Айрыкча көп кабаттуу үйлөр жана медициналык мекемелерден чыккан суулар каралып, мурдагыдан дагы катуу дезинфекцияланмакчы.

Баса, Кытайдын Өнүгүү жана реформалар боюнча комитети коронавирус өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын айтып чыкты. Мисалы, жаңы жылдык каникулдардан кийин фонддук биржаларда кытайлык ишканалардын акцияларынын баасы сегиз пайызга төмөндөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0