Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүФоростогу чиркөө. Архив
Форостогу чиркөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскаларга курулуп, кээси бооруна чегилип жасалган Крымдын храмдары дайыма өзгөчөлөнүп келген. Жарым аралдагы кызыгуу жараткан чиркөө жана монастырлар тууралуу РИА Новости макала даярдады.

Херсонестеги жер алдында жайгашкан храм-мавзолей

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүү"Херсонес Таврический" музей-коругу
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары - Sputnik Кыргызстан
"Херсонес Таврический" музей-коругу

Бул храм Крымдын түштүк-батыш жээгиндеги байыркы Греция полиси болгон Херсонесте жайгашкан архитектуралык эстелик. Качан курулганы тууралуу так маалымат жок, бирок археологдор V кылымга туштап жүрүшөт.

Окумуштуулардын божомолунда бул жерде жер алдында да (VI–VII кылым), жер үстүндө да (XII–XV кылым) храмдар болгон. Бүгүнкү күндө аларды байланыштырып турган тепкич менен жогору жактагы курулуштун фундаменти сакталып калган.

Советтик археолог Анатолий Якобсон жер алдындагысы кадыр-барктуу шаар тургунунун коюлган жери болушу мүмкүн экенин айткан жайы бар. Мындан тышкары, бул жерлерге IV кылымда Крымдын агартуучусу Василий Херсонесский келип турган деп боолгологон. Уламыш боюнча ал жергиликтүү княздын уулун тирилтип берген. 309-жылы Рим императору Максимилиан Галерийдин буйругу менен диний үгүттөөчүнү ташка алып өлтүрүшкөн.

Байыркы храм "Херсонес Таврический" музей-коругунун аймагында. Экскурсия менен, болбосо өз алдынча деле келип көрүп кетүүгө мүмкүн. Тажрыйбалуу саякатчылар бул үчүн атайын бир күндү бөлүү керектигин айтышат.

Бахчисарайдагы эркектердин монастыры

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБахчисарайдагы эркектердин монастыры
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары - Sputnik Кыргызстан
Бахчисарайдагы эркектердин монастыры

Марьям-Дере капчыгайынын эңкейиш жеринде Россиянын байыркы монастырларынын бири жайгашкан. Тарыхы IX кылымга барып такалат. Кечилдер аскага эле чиркөө курушкан деп айтылат. Ал бүгүнкү күнгө чейин сакталып калды.

Уламыш боюнча бул жерде чабан Ыйык эненин иконасын таап алат. Аны бир нече ирет башка жакка алып барууга аракет жасалганы менен икона кандайдыр бир керемет менен мурдагы жеринде болуп калат. Ушу тапта икона Успение Пресвятой Богородица чиркөөсүндө. Аны көрүү үчүн миңдеген адам келип кетет.

ХХ кылымдын башында монастырдын жанына бир нече курулуш салынып, турак жайлар курулат. Бирок 1921-жылы совет бийлиги баарын жаап, дин кызматкерлерин атууга буюрган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында госпиталга айланып, андан кийин психоневрологиялык диспансер болгон. 1993-жылы монастырь чиркөөгө кайтарылган.

Ал жакка тайынганы барган эркектер узун шым кийиши шарт болсо, аялдар юбка кийип, ийини жабылып, башына жоолук салынышы шарт.

Симферополдогу Ыйык Константин менен Еленанын чиркөөсү

Антарктида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антарктида дүйнөсү: төрөлгөн бөбөктөр, уланган жашоо, аскага жашырылган сөөктөр
Симферополдун алгачкы православ храмы 1787-жылы, Крым Россия империясынын курамына киргенден кийин салынган. Андан эки жыл мурун полктун командири Борис Татищев татар үйүн сатып алган экен. Екатерина IIнин келишин утурлай ал жерге чиркөө курулат. Ханыша храмга кирип, майда-барат оокат жана кызматкерлерге кийим-кече тартуулаганы айтылат.

Совет маалында айрым бөлүгү кыйраган чиркөөдө аэроклуб, ЗАГС архиви жайгашат. Андан соң көпкө чейин бош турат. 1991-жылдан тарта кайрадан православ храмы болгон.

Алуштанын алдындагы Косьмо-Дамиан монастыры

Монастырь 1856-жылы Алуштадан 20 чакырым аралыкта курулган. Бул жакка падышалык үй-бүлө байма-бай каттап турганы айтылат. Александр III жубайы Мария Федоровна менен эки ирет токойдогу үйгө келип эс алып кеткен экен, падыша аңчылык кылууну жакшы көрчү дешет.

Александр IIIнүн уулу Николай II бүлөсү менен бул жерге алты жолу келген. Романовдор династиясынын акыркы императору бир жолкусунда баласы Алексейди булактын суусуна чумкутуп кеткени айтылат. Ушундан кийин ханзааданын саламаттыгы жакшырып калчу экен.

Ыйык Косьма, Дамиандын сыйынуулары менен булактын дарылык касиети күч дешет. Окумуштуулардын айтымында, суунун курамында күмүш, ванадий, литий, кремний бар.

Романовдордун династиясы монастырга ар убак колдоо көрсөтүп турчу экен. Императордун буйругу менен чарба иштери үчүн 40 гектар жер бөлүп берилген.

Аталган курулуш совет доорунда катуу жапа чеккен. Имараттын көп бөлүгү XIX кылымдагы фундаменттин үстүнө курулган.

Форостогу чиркөө

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүФоростогу чиркөө
Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары - Sputnik Кыргызстан
Форостогу чиркөө

Биринчи гильдиянын көпөсү Александр Кузнецов тарабынан 1892-жылы Крымдан Петербургду көздөй сапар алган император Александр IIIнүн поезд кырсыгынан аман калышынын урматына салынган. Храмдын долбоорун ойлоно баштаганда Кузнецов кургак учук менен ооручу, бирок кеселине карабай аны ишке ашырууга жетишип, андан кийин да бир нече жыл жашаган.

Совет доорунда чиркөө талкаланып, ордуна ресторан түшкөн. 1960-жылдары таптакыр кароосуз калып, 1988-жылы гана калыбына келтирилген.

Бул Крымдын түштүк жээгиндеги кооз жерлердин бири. 400 метрлик асканын чокусунда жайгашкан чиркөөгө барган киши деңиз менен шаардын ажайып көрүнүшүнө күбө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0