Алдыдагы 4 жылда мээ кайнаткан ысык болору болжолдонууда

© AFP / DAMIEN MEYERТермометр. Архив
Термометр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Температура кургакта эле эмес, жылуулуктун 90 пайызын сиңирип алчу океандарда дагы жогорулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. National Geographic Россия порталы жакынкы төрт жылда күн жер жүзүндө болуп көрбөгөндөй ысый турганын билдирди.

Британиянын метеорологиялык бюросу 2020-2024-жылдары буга чейин байкалган температурадан 1,06-1,62 градуска жылуу болорун, ошондой эле индустриалдык доорго чейинкиден 1,15-1,46 градуска ысый турганын белгилейт. Адистер бул жылдар байкоо жүргүзүлгөндөн бери күндүн ысышы боюнча рекорд койгон 2016-жылдан да ашып түшөрүн божомолдоп жатат.

"Көпчүлүк аймактарда адаттагыдан да жылуу болот, биздеги аба ырайынын схемасы Европанын түндүк тарабы, Азия жана Түндүк Америкада аптаптуу ысык болорун божомолдоодо", — деп айтылат маалыматта.

1980-жылдан бери ар 10 жыл сайын күндүн жылып жатканы байкалган. Температура кургакта эле эмес, жылуулуктун 90 пайызын өзүнө сиңирип алчу океандарда дагы жогорулай турганы айтылат.

Былтыр дагы ысык катуу болуп, 2016-жылдагы рекордго жакындай түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0