Кантээр экенбиз? Окумуштуулар эт ден соолукка зыян келтирерин айтышты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТрадиционный бурятский обряд "Обоо тахилган"
Традиционный бурятский обряд Обоо тахилган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн жыйынтыгында аптасына 2-3 жолудан көп эт жегендерде жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги 3-7 пайызга өсөрү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШнын Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары этти көп пайдалануу коркунучтуу илдеттерди, анын ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кыларын аныкташты. Бул тууралуу EurekAlert илимий басылмасы жазды. 

Казанда бышып жаткан эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шорпонун пайдалуулугу тастыкталды. Күтүлбөгөн жыйынтык
Изилдөөгө 50 жаштын тегерегиндеги 29 682 миң ыктыярчы катышып, тамак рациону тууралуу маалымат беришкен.

Жыйынтыгында аптасына 2-3 жолудан көп эт жегендерде жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги 3-7 пайызга өсөрү белгилүү болгон.

Ошондой эле адистер кайра иштетилген эт (колбаса азыктары жана тооктун куурулган эти) дагы ден соолукка бир топ зыян келтирерин айтышты. Тагыраагы, бул азыктар кан тамырларды "булгап", анда тромбдун пайда болушуна себеп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0