Тоңдуңар го! Путин кортежин токтотуп суукта аны күткөн эл менен учурашты. Видео

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Череповец
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Череповец - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин келерин билген эл азык-түлүк саткан дүкөндүн алдына чогулган. Путин аларды көрүп, автоунаасынан түшүп ал-жай сурашты.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Череповец шаарына болгон иш сапарында кортежин токтотуп, жол жээгинде турган жашоочулар менен учурашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окуя 4-февраль күнү болуп, жеринде тартылган видео YouTube тармагына жүктөлгөн.

Президенттин келерин билген эл азык-түлүк саткан дүкөндүн алдына чогулган. Путин аларды көрүп, автоунаасынан түшүп ал-жай сурашты. Жакын жерде тургандардын колун кысып, бир-эки соболго жооп бергенге дагы үлгүрдү.

Мындан соң президент чогулган элди карап, суукка урунуп албай, ден соолукка жакшылап көңүл бурууга чакырды.

"Суукту карагылачы, тоңуп калбагыла!" — деди ал.

Көп өтпөй президент автоунаасына отуруп, жолун улады.

Шейшемби күнү Владимир Путин Күрөш өнөрү боюнча борбор менен Химия-технологиялык колледжди көргөнү Череповец шаарына барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0