Мунай өндүрүү. Архивдик сүрөт

20 жыл калды: "мунайдан соң" бизди кандай күн күтөт?

513
(жаңыланган 19:01 08.02.2020)
Соңку бир жыл бою талкуудан түшпөй келген климат маселеси  атмосферага көмүртек бөлүп чыгарган энергетиканын булактарынан акырындап баш тартып, жашыл энергетикага өтүүнү күн тартибине чыгарды.

Алар — нефти, таш көмүр, жаратылыш газы. Мындан улам бул аспектилер "мунайчы" компаниялардын энергиянын көмүртеги төмөнүрөөк булактар тармагына айланышы кандайча ишке ашырыларын талкуулоо зарылдыгын да жаратпай койбоду. 

Себеби оптимисттик божомолдор боюнча дагы мунай чегине жетерибизге он-он беш жылдын тегерегинде гана убакыт калыптыр, андан ары талап акырындап төмөндөй баштайт. Бир катар мунай ишканалары үчүн мындай өзгөрүү жүйөлүү, себеби алардагы нефтинин, куру дегенде эле кыйла арзан казып алынчу кору акыры түгөнөт. Бирок мынчалык ири деңгээлдеги өзгөрүүлөрдүн өз нугу бар, тез жүрбөйт, андыктан мындан аркы кадамдар туурасында азыртан баш катыра берген оң.

Ошентсе да, нефти тармагынын бул багыттагы анык кадамдарына карабастан, ушул тапта мунай-газ ишканаларынын жашыл энергетикага (эң кеңири маанисинде: биринчи кезекте азырынча шамал жана күн батареялары, бирок ошондой эле энергияны сактоо жана башка технологиялар) салымынын үлүшү жалпы инвестиция көлөмүнүн бирин-экин пайызын гана түзөт. Басымдуу бөлүгү дале нефти жана газга бурулат.

Грета Тунберг (айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активист) сунуштагандай, казып алынчу кара майга инвестициялоодон бир убакта баш тартууга азыр таптакыр мүмкүн эмес. Эгер андай кырдаал түзүлсө, анда биз дароо нефтинин жаңы таңсыктыгына тушукмак элек: мунайдын көлөмү сланецтик тургай, кадимки кендердеги дагы иштеп турган скважиналарда тездик менен төмөндөөдө.

Ошондуктан компаниялар жашыл энергетикага канчалык ыкчам өтө алат, алардын бул багытка жыл сайын салган капиталдык чыгымынын жалпы көлөмүнөн үч пайыздык инвестицияларынын үлүшү ("Energy Transition: Evolution or Revolution" деген түрмөгүндө 15 ири мунай-газ ишканалары боюнча көрсөтүлгөн баа ушундай) сакталабы же ырааттуулук менен жогорулашына күбө болобузбу, кеп ушунда.

Үч пайыз орточо көрсөткүч экенин баса белгилеп кетүү зарыл, анткени ишканалардын стратегиялары бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. ExxonMobil жана Chevron америкалык мунай трансулуттук компаниялар азырынча нефтиге басым жасап, негизинен мунай-газ тармагында калууда (кайра жандандырылчу энергия булактарына кошкон инвестициялары — бир-эки пайыздык деңгээлде). Ошол эле учурда европалык Shell, BP, Total компаниялары кайра жандандырылуучу энергетикага ооп баратат (алардын бул багытка салымы жалпы көлөмдөн беш-он беш пайыз деңгээлинде). Андан сырткары, газ рыногундагы өзүнүн үлүшүн кызуу кеңейтүүдө.

Ошентсе да, ExxonMobil менен Chevron ишканаларынын рыноктун өзгөрүшүнө даярдык стратегиялары жок эмес. Аталган эки компания тең, айрыкча, ExxonMobil дүйнө жүзү боюнча мунай активдерин арзандатып сатууну уюштурган. Бирок улуттук рынокто алар түшкөн акчаны АКШнын өзүндө сланецтик нефтини өндүрүүгө инвестициялашмакчы.

Алар мындай кадамга сланецтик нефтинин кадимки казып алууга атаандаша аларынан улам барган жери жок. Азыр "кадимки" – адатта деңизде казылчу нефти өтө кымбатка түшөт, ошондуктан өздүк наркы кимде төмөн деген маселе бар. Дегеле, ишканаларды "сланецтик" мунай жаатындагы инвестициялык циклдин бир нече эсе кыскалыгы (эки-үч жыл) кызыктырат. Ошол себептен, мунай казуучу портфелинде мындай "ийкемдүү" тармакты түптөп коюу келечекте нефти рыногундагы баа менен талаптын өзгөрүшүнө жараша аракет көрүүгө жеңилдик берет.

Бирок жалпысынан америкалык компаниялар мурдагыдай эле мунай-газга басым жасоодо. Себеби АКШда казып алынчу энергияны кызуу колдонуу көрүнүшүнө шайкеш. Европа, тескерисинче, кайра жандандырылуучу энергия булактарына сүңгүп алды. Буга ылайык, европалык ишканалар жашыл энергетикага салган инвестициясын арттырууда.

Аны менен катар эле европалык компаниялар акыркы жылдары газ тармагына (негизинен суюлтулган жаратылыш газына) өзгөчө кызыгып келет. Shell компаниясы суюлтулган жаратылыш газын сатууда алдына эч кимди салдырбас болду. Ага көлөмү боюнча Total ишканасы да жакындап барат. Төмөн көмүртектүү энергетикага багыт алган жолдо рыноктогулар тарабынан жаратылыш газы өткөөл энергия катары каралары айтпаса да түшүнүктүү.

Ошентсе да Total компаниясынын энергоресурстар тармагында газдын эбак 50 пайызы бар. Мындан тышкары, аталган ишкана дүйнөнүн булуң-бурчунан суюлтулган жаратылыш газ долбоорлорун инвестициялап жана сатып алууга билек түрө киришкен. Анан да албетте, компания "шамал" же "күн" гана тургай, жашыл энергетиканын болгон варианттарына кызыкдар.

Мисалга, ошол эле Total компаниясы жакында Peugeot менен биргеликте автомобилдик аккумулятор чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана ачуу пландарын жарыялады. Ага салынган инвестиция көлөмү беш миллиард доллардан ашат.

Бирок ушундай дымактуу программасына карабастан, жаңы энергетика жаатындагы эң активдүү мунай-газ компанияларынын бири болгон Total пландар боюнча 2040-жылы жашыл энергетикадан болгону 15-20 пайыз гана киреше табат.

Эң негизги собол: кандай инвестициялар пайдалуу?

Адатта мунай багытын инвестициялоо абдан кирешелүү деп эсептелгендиктен, компанияларды ушул тармакта кармалууга түртөт. Антсе да, киреше табуунун жогорку ченеми тобокелдиктер менен коштолот деп айтсак туура болчудай. Ошондуктан нефтинин баасында кирешенин жогорку (эки орундуу санда) ченеми, маселен, 60 доллардан инвестициялоо чечимдери кабыл алынууда. Бул – баанын түшүп кетишинен сактануу чарасы, биржада белгиленген баа орточо ылдыйласа дагы компаниялар кирешесиз калбайт, тек гана киреше азая түшөт.

Бирок баа негизинен (анын ичинде ОПЕК+ келишимден улам) жогорку деңгээлде тургандыктан, нефти тармагы жакшы киреше алып келүүгө мүмкүндүк берет, ал өз кезегинде жаңы энергетикага да салынат. ОПЕК+ документи мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму жана бул бирикменин катарындагы эмес, бирок мунай өндүргөн 11 өлкө кол койгон. Тескерисинче, энергетиканын кайра жанданып жаткан булактарына бурулган инвестициялар көбүнесе төмөн кирешелүү, анткени тобокелдиктери төмөн.  Тагыраагы, келечегинде бул тармак өнүгө берет, талап ылдыйлап кетсе активдердин арзандап кетүү коркунучу болушунча азаят.

Келечеги белгисиз. Бирок жалпы пикир боюнча, беш жылдан (эң пессимисттик жоромол) 20 жылга (оптимисттик божомол) чейин мунайга болгон талап өсөт. Ал эми мунайдын өз баасы талап жана сунуштун шайкештиги менен аныкталат. Мында да талаптын, сланецтик казып алуунун, ОПЕК+ келишиминин да жагдайлары белгисиз бойдон калууда. Орточо мөөнөттүк аралыкта тең салмактуулук кайсы чекте болот? Кокус, мурдагыдай эле дал мунайга инвестиция салгандардыкы туура болуп чыксачы?..

Корутундуласак, биринчиден, кеп өтө кашаң процесс жөнүндө. Жаңы энергетикага инвестицияны активдүү салган компаниялар да азырынча буга жалпы капиталдык чыгымдарынын ондон аз пайызын гана бөлүүгө даяр. Ал эми мунайга инвестиция  салуудан бир убакта баш тартышса, дароо таңсыктыкка алып келет.

Экинчиден, ар бир ишкана "мунай кылымынын" аякташына таптакыр башкача камынат. Анан да мында бир катар – компаниялардын жетекчилеринин келечекке ар кыл көз карашы, өлкөлөрдөгү коомдук пикирдин кысымы жана албетте, мунай корунун структурасы өңдүү бир катар факторлор бар.

Россия үчүн бул эмне дегенди билдирет? Мунай-газ өндүргөн компанияларда жаңы энергетикага же энергетиканын чегинен тыш тармактарга (мындай вариант да болушу мүмкүн) кирешелеринин бир бөлүгүн инвестициялоого тартуу жаатында жылыш болгону менен азырынча өтө аз  көлөмдө. Россияда пайданы мунайга гана кайра инвестициялоодон кыйгап өтүүнүн сакталып келе жатканы салыштырмалуу дурус ресурстук база. Жана салык тутумуна байланыштуу, бул өз кезегинде акырындап мунай алуунун улам өсүп турган өздүк наркына туураланат. Бирок өздүк наркы боюнча алгылыктуу мунайдын кору бул өлкөдө дагы жыйырма жылга жетет.

Ошондой болгон күндө мамлекеттин өзү жана ишканаларга тийиштүү бүтүмдөр ар кыл. Мамлекеттин жана бюджеттин көз карашында, 10-15 жыл (эрте болсо, андан бетер жакшы) мунай кирешесинен көз карандылыкты болушунча азайтууга үлгүрүүгө тийишпиз. Ал эми компаниялар өздөрүнүн мунай бизнесинде тобокелдиктерди колдон келишинче жоюп, багытын кеңейтип калууга жетишүүнү көздөшөт. Кандай болгон күндө да мында ашыгып, шашылыш чечимдерди кабыл алуунун таптакыр зарылдыгы жок. Бирок бул маселе боюнча талкуу башталууга тийиш.

513
Белгилер:
экономика, экология, Мунай, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШнын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне? Помпеонун сапары тууралуу
АКШнын "жылуу сөзү": Помпео Белоруссия, Казакстан, Өзбекстанды неге кыдырды