Индияда сейрек илдетке кабылган кыз ташка окшошуп баратат. Сүрөт, видео

CC0 / Pixabay / Любовь ТенСлучаи выпадов детей из окна
Случаи выпадов детей из окна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети жаштагы кыздын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер басканын көрүүгө болот. Илдеттин дабасы табыла элек.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Индиядагы жети жашар Раджешвари сейрек кездешкен ихтиоз оорусунан улам денеси ташка окшошуп баратат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

​Кыз Чхаттисгарх штатында жашайт. Ал жакта оорукана жок болгондуктан коңшу шаардагы дарыгерлерге баруу кыйынчылык жаратууда. Анын колу-бутун, ичин жана далысын ыйлакча сымал шишиктер баскан. Денеси кыймылдаган сайын ооруксунтуп турат.

Дарыгерлердин айтымында, бул оору тукум кууйт, кээде башка факторлор да себеп. Абалды А витамини бар препараттар гана жеңилдетип, бирок толук айыктыра албайт.

Макалада бул илдет боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, бирок дабасы табыла электиги белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0