Таиландда 27 кишини атып өлтүргөн аскер жок кылынды

© REUTERS / ATHIT PERAWONGMETHAТаиланддын полиция кызматкерлери
Таиланддын полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-февраль күнү Таиланд аскеринин сержанты Накхон Ратчасима шаарындагы Terminal 21 соода борборунда ок чыгарып, адамдарды кармап алган.

БИШКЕК, 9-фев. – Sputnik. Таиландда элге ок чыгарып, жай тургундарды барымтага алган аскер кызматкери бир нече сааттан кийин жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Эске салсак, 8-февраль күнү Таиланд аскеринин сержанты Накхон Ратчасима шаарындагы Terminal 21 соода борборунда ок чыгарып, адамдарды кармап алган. Ошол сааттарда 17 кишинин өлүмү тууралуу айтылган.

"Кылмышкер спецназ тарабынан жок кылынды. Полициянын генералы Чактхип Чайчинда сержанттын өлтүрүлгөнүн айтып, операцияны токтотту”, — деп айтылат макалада.

Акыркы маалыматтарга караганда, жеринде 27 киши көз жумуп, 63 адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0